Ноокатта көмүр исине ууланып, бир адам көз жумду

Ош облусунун Ноокат районунда 24-январь күнү көмүр исинен бир үй-бүлөнүн беш мүчөсү ууланып, атасы ооруканада каза болду.

Жаңы-Ноокат айылында 24-январдан 25ине караган түнү бир үй-бүлөдөгү беш киши көмүр исине ууланып, баары ооруканага түшкөн.

Катуу ууланып калган 36 жаштагы ата ооруканада каза тапканын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Клоопко» кабарлады.

«Күйөөсүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Энеси жана үч баласы реанимацияга оор абалда алынып келинген. Учурда алардын абалы жакшырып атат», — деди ал.

Айгерчинова кошумчалагандай, 33 жаштагы эне катуу ууланып, баш мээси шишип кеткен. Ал эми жети жана үч жаштагы балдар менен сегиз айлык ымыркай — баары катуу ууланган.


ТЕМА БОЮНЧА