Талас мэриясы жолдордо камераларды орнотууга 10 млн сом жумшайт

Талас шаарынын бийлиги жолдордо орнотулчу видекамераларды сатып алууга тендер жарыялады. Жабдыктарды сатып алууга 10 млн сом сарптоону пландашууда, аларды шаарга кире турчу жана чыга турчу жолдо орнотушат.

Талас мэриясы 23-январда камераларды сатып алууга тендер жарыялады жана ал 14-февралга чейин уланат.

Талас мэриясынын алдындагы турак жай жана коммуналдык чарбасынын башкы адиси Руслан Жээнбеков «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, сөз жол кыймылынын эреже бузууларын каттаган эки система жөнүндө болууда.

Анын айтымында, бул камералар шаарга кире турган жана чыга турган жолго орнотулат.

Жээнбеков өкмөт камераларды орнотууга келишим түзгөн кытайдын «Хуавэй» компаниясы Таласта эреже бузууларды каттаган системаны орнотпой турганын айтты.

Премьер-министр Сапар Исаков 11-январда «Акылдуу шаар» долбоору боюнча жолдордо камераларды орнотуу үчүн «Хуавэй» компаниясы менен келишим түзгөн.   

Кытайдын компаниясы долбоордун инвестору болуп чыгууда жана камераларды орнотууга 60 млн доллар сарптоону пландап жатат. Камераларды орнотууга кеткен каражатты өкмөт компанияга штрафтардан түшкөн акчанын эсебинен кайтарып берет.

Компания камераларды бир жарым жылдын ичинде орнотушу керек.