Бажы кызматы: Ноокатта мыйзамсыз ташылып бараткан алты тонна күрүч кармалды

Мамлекеттик бажы кызматы Оштогу Ноокат шаарынан 23-январда мыйзамсыз ташылып бараткан алты тонна күрүчтү кармаган.

Ноокатта мыйзамсыз ташылып бараткан алты тонна күрүч кармалганын Мамлекеттик бажы кызматы маалымдады.

Унаа 23-январь күнү кечинде ЕАЭБдин аймагына товарларды мыйзамсыз ташып киргендерди текшерүү маалында токтотулган.

«“Вольво” автотранспорттук каражаттын жүк бөлүгүн текшерген учурда бажы контролунан тышкары ЕАЭБдин аймагына ташып келе жаткан алты тонна күрүчтүн суммасы 360 миң сомду түзгөн. Мүшөктөрдө Республика Өзбекстан деген жазуу болгон», — деп айтылат билдирүүдө.

Иштин материалдары Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.


ТЕМА БОЮНЧА: