«Эркинай» — бул акыркы учурда өзүнүн дос кызын мажбурлап никеге туруу үчүн ала качуудан баш тарткан кыргызстандык бала жөнүндө окуя. Жазуучу Алтын Капалованын сүрөтчү Татьяна Заленскаянын иллюстрациясы менен китеп түрүндөгү аңгемеси кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарык көрдү. Аны Кыргызстандын аймактарынын мектеп китепканаларына жайылтышат. Ошондой эле электрондук түрдө да жеткиликтүү.
Китепти Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги академиясынын жана Institut für Auslandsbeziehungen (IFA) уюмунун кыз-келиндерди ала качууга карата мамилени өзгөртүү боюнча долбоорунун алкагында IFA CCP Plusтун (Германия) каржылык колдоосу менен чыгарышты.
- Руслан! Руслан! Кандайча? Бул эмне кылганыӊар?
- Кечир, Акыл. Бул сен үчүн туура жол?
- Мен үчүн? Руслан, менин досумсуӊ го!
- Ооба. Ошондуктан сени ушул жерге алып келип отурам.
- Руслан, мен бул адамдарды тааныбайм!
- Таанышасыӊ шашпай.
- Руслан, мен сени досум деп жүргөм...
- Ооба. Мен – сенин досуӊмун. Бул жер сага жагат.
- Руслан, бул эмне кылганыӊ? Мен бул адамдарды тааныбайм деп жатам го!
- Болду эми. Кирчи үйгө.
- Жо-о-о-о-о-о-о-ок, - деп кыйкырып жаткан жеримден ойгондум.
Жүрөгүм төшүмдөн чыгып кетейин деп жатыптыр. Эмне болуп жатканымды такыр түшүнө албай жаттым. «Эртеӊ аял алам», - деген ой жүрөккө бир сайгандай болду.
Ойгондум. Түшүм тура: бейтаныш адамдар мени чоочун үйгө алып келишиптир. Той болуп жаткан экен. Бирок мен кубанганым жок. Кайдан жүрүп кубанам, мени ала качып келип жатышса. Мен дагы ошолорго окшоп, Эркинайды эртеӊ, күн чыкканда, ала качкан жатпайынбы.
Апама чуркадым, жата элек экен:
- Апа! Апа!
- Апей, балам, эмне болду? Эмне уктабай жүрөсүӊ?
- Апа, жаман түш көрдүм. Түшүмдө мени ала качып кетишиптир.
- Жатаарда тамакты азыраак жеш керек.
- Апа!
- Бас, жатчы, айланайын, көрүнгөндүн башын сүйлөбөй. Эртеӊ иш көп.
- Апа, атам экөөӊөр кантип үйлөндүӊөр эле?
- Атаӊ экөөбүзбү? Акыл, бул эмне деген суроолор? Сурачу маалды тапкан экенсиӊ. Жатчы. Эртеӊ эрте турабыз. Бас.
- Апа, мен эртеӊ Эркинайды алып келбейм.
- Ай тантыбачы? Акылыӊан айландыӊбы? Балам, сарсаана болбочу. Толкунданып жатып, тантып атасыӊ. Жатагой. Бары жакшы болот.
- Апа! Мен адамды уурдайбайм!
- Сен адамды уурдаган жоксун – сен келин алып келген атасыӊ! Түшүндүӊбү? Бул эмне деген сөздөрүӊ? Элдин бардыгы эле ушинтип үйлөнөт.
- Апа, мен алып келбейм Эркинайды!
- Былжырабагыныӊ? Уйду союп салдык, боорсокту чаралап бышырып койдук, дасторконго тамактардын бардыгын алып койдук. Эмне деген чыгымдар! А сен болсо, алып келбейм дейсиӊ! Быйылкы жылдын түшүмүнөн түшкөн акчанын бардыгын ушул тойго короттук.
- Апа, мен иштеп, бардыгын кайтарып берем. Бирок, эртеӊ үйлөнбөйм.
- Акыл, мени өлтүрөйүн деп жатасыӊбы?
- Апа, кечир мени. Бирок, мен бул каалооӊорду аткара албайм!
- Ой, кудайым ай! Атаӊа кантип айтам? Элдин барын чакырып салбадыкбы! Токтот! Токтот бул кебиӊди! Келинди алып келген колуӊдан келбесе, сенсиз эле алып келебиз өзүбүз!
- Жок!
- Ооба!
- Апа, мен чечтим.
- Ой бул эмне кылганыӊ?
Апамдын ыйына чыдабай, жүрөгүм кысылып, үйдөн чуркаган бойдон качып чыктым.
Түн жарым. Жолду ээрчип бара жаттым. Эркинайдын жылмайган элеси көз алдымда турду. Эркинайды ала качканымды элестетип, анын коркунуч сезимдерин элестетип алып, тереӊ ойго баттым. Ойлоп көрсөм, жада калса мен ага жагаар-жакпасымды дагы сурабаптырмын. Апамдын ыйы кулагымда жаӊырып, кетпей жатты. Бирок өзүмдүн чечимимден кайтпаймын деген сезим курч болуп турдум.
Досторума чалып, кийинчерээк ала качабыз деп калп сөздү айттым:
- Самат, досум, эртеӊ менен келбей эле кой. Башка күнү алып келмей болдум.
- Доске, эмне болуп кетти?
- Эч нерсе болгон жок. Бардыгы жайында.
- Ой эмне болуп кетти? Эмне духуӊ жетпей жатабы?
- Жок. Тескерисинче. Мен өзүмдү ушундай күчтүү, чечкиндүү сезип турам.
- Эч нерсе түшүнгөн жокмун. Мейли айтканыӊдай болот, досум.
- Ииий, анан дегенчи... Меникилер телефон чалса, албай эле кой, сүйлөшпө.
- Ой эмне эле болуп жатасыӊ?
- Бардыгы жайында. Мага ишенчи. Эртеӊ менен келбей эле кой. Балдарга дагы айт келишпесин. Укта. Эртеӊ тийип кетем сага.
Ошентип телефон аркылуу досторум менен кабарлашып, Эркинайдын үйүн көздөй сапар алдым. Тууган-туушкандар кошулуп алып, Эркинайды ала качат деген коркунуч чоӊ болуп жатты. Алар келип калса, мен аны куткарышым керек деп, ойлоп жаттым. Жашоо тамашасы. Мен Эркинайды өзүмдөн коргоп жаттым. Саатты карасам – түнкү 2. Өзүм түнгө батып, жүрөгүм ойго батып жатты. Эртеӊ менен үйгө кантип барам? - деп сарсаана болуп жаттым. Таӊ атып баштады. Апамдарга сарсаана болуп жаттым, бирок кандайдыр бир жеӊилдик сезип жаттым, туура чечим кабыл алганым өзүмө анык болуп жатты.
Саат 7де Эркинай дарбазасынан чыкты. Мен жөн гана жумуштап, анын көчөсүндө бараткандай болуп, аны артынан кууп жеттим:
- Эркинай!
- Акыл? Салам. Кандайсыӊ? Жакын жерде жашайсыӊбы?
- Жок. Коноктон.
- Кимдикинде конокто болдуӊ?
- Түндүкүндө.
- Хахахаха. Сонун го!
- Жумушка баратасыӊбы?
- Ооба.
- Жумушуӊду жакшы көрөсүӊ болуш керек э?
- Чынын айтсам, анча деле эмес. Бирок буюрса жакшы эле. Акча чогултуп жатам. Окууга барайын деген ойлорум бар. Мугалим болгум келет.
- Койчу? Билбептирмин.
- Мени биздин ашканада пирожки бышырганды жакшы көрөт дедиӊ беле?
- Ооба. Сонун жасайсыӊ го, ошентип ойлогом.
- Сага жакса, жакшы анда. Бирок ашпозчулук бул менин чыныгы калоом эмес, мен балдарга кыргыз тил, адабияттан сабак бергим келет.
- Жакшы. Аныӊ жакты мага, сен өзүӊ да мага жагасыӊ.
- Акыл...
- Эркинай, билесиӊби беш-алты саат мурда мен сени ала качайын деп жаткам.
- Кандайча?
- Жок. Жок. Кетпечи. Суранам. Мен жалгызмын бул жерде. Кетпечи. Коркпо. Мен жалгызмын.
- Жоголгун! Жолобо мага! Мен сени жакшы бала деп жүрсө.
Эркинай аябай коркуп кетти. Артын карабай чуркап, үйүнө кирип кетти. Телефонумду ала калып Эркинайга жаздым: «Эркинай, кечир мени, мен чынында эле сени ала качайын деген оюм бар болчу, бирок бул оюмдан баш тарттым». Карасам мени блокко салып коюптур.
Үйдү көздөй жол алдым. Саат таӊкы 7. Үйдө жеӊелерим жүргөн экен, апам тегерек-четине дары-дармектерди жайнатып коюп, төшөктө жатыптыр. Атам бакта жүрүптүр:
- Ата.
- Иттин гана баласы, чыгып кеткиниӊ менин үйүмдөн!
- Ата, кечириӊиз мени.
- Бизди эмне оюнчук көрүп атасыӊбы? Мал союп, элдин барын чакырып салгандан кийин? Бул эмне деген акмактык!?
- Ата. Атаке. Мен коротулган акчанын бардыгын кайтарып берем. Кечирип коюӊузчу мени!
- «Үйлөнөм» деп мага башка айтпагыныӊ! Мен өзүмдүн парзымды аткардым. Берейин деген батамды алган жоксуӊ.
- Ата. Кандайча алган жоксуӊ!? Ата, мен адамды урдоодон баш тарттым. Мен силер үйлөн дегениӊерге көнүп, силерге жагынам деп макул болуп, сүйлөшкөн кызым жок болгондуктан, аны ала качып келейин деп макул болдум.
- Иии анан? Эмне болуп кетти? Эмнеге ала качпай калдыӊ?
- Анткени адамдын уурдоо бул туура эмес. Аны уурдап келип, кыйнап бүлө кылган – туура эмес.
- Туп-туура! Анткени, бул салт! Көп сүйлөбөй, көзүмө көрүнбөй, ары кет!
Ошол күндөн тартып менин жашоом жашоо эмей эле, өзүнчө бир кыйноо болду. Атам сүйлөшпөйт мени менен. Апам анда-санда сүйлөсө да, жемелеп жатты. Кошуналар кирип, «Ой, эмне эле болуп атасыӊар? Эмне болуп кетти? Эмне кыз отурбай койдубу?», - деп жатышты. Апамдын жооп бергени: «Бул келесоо ортодон ала качкан туура эмес – деп, туруп албадыбы». Бардыгы каткырып күлүп жатышты. Эмнеси күлкү...
Мен болсо СТОго ишиме барып-келип жүрдүм. Иште болгондо Эркинай иштеген ашканага күндө кирем. Келеби десем эле келбейт. Жеген тамагым аш болбой, кайра чыгам. Досторум, кошуна-колоӊ, ишимдеги балдар – бардыгы тамашага салып, шылдыӊдап жатышты. Арадан бир жума өттү. Оюмдан Эркинай кетпей турду.
Ашкананын ээсинен «Эркинай кайда?» - деп, сурайын деп чечтим. Кирип келип, тереӊ дем алып, сурайын десем эле, Эркинай тосуп чыкты:
- Эмне жейсиӊ?
- Эркинай! Келдиӊби!? Жакшы болгон турбайбы! Өткөндө сен кетип калдыӊ... Мен сага жакшылап түшүндүрө албай калдым.
- Эмне жейсиӊ?
- Лагман менен пирожки бере бер. Бир жума жок болдуӊ? Баары эле жайындабы? Кайда болдуӊ?
- Мен аябай корктум. Үйдө жашынып жаттым.
- Эркинай, кечир мени. Мен сени коркутайын деген эмесмин.
- Билем. Кошуналарым айтып берди. Баары билет экен го.
- Ооба, элдин баары шылдыӊ кылып жатышат мени.
- Билем. Сага рахматымды айтайын дегем. Ала качпаганыӊа. Менин сүйгөнүм бар. Ошону менен баш кошкум келет.
Мага «Рахмат» дегенине сүйүнүп жаттым, демек кечириптир мени. Бирок «Менин сүйгөнүм бар» дегени ичимден өрт болуп жалындап жатты. Жаштарымды чыгарбайын деп чоӊ аракет кылдым. Лагманым менен пирожкини алган бойдон, столду көздөй бастым. Бир нерсе айтайын десем, жашым башымды, жүрөгүмдү каптап калгандай, бир сөз чыгара албай койдум. Жашымды көрбөсүн деп артты карап отуруп алдым. Жаштарымды токтото албайм десеӊ, лагманыма тыпылдап тамчылап жатты. Күчүмдүн баарын пирожкиден чыгарып жаттым, аны катуу чайнасам жаштарым азайгансып жатты.
- Акыл, мына чай алып келдим сага.
- Рахмат, Эркинай.
- Акыл, сен аябай жакшы баласыӊ. Сендей балдар чанда эле кездешет. Келечегиӊ кеӊ, сүйүүӊ алдыда.
- Ооба. Сенин пирожкиӊ – адаттагыдай эле аябай даамдуу болуптур.
- Жасаганды үйрөтөйүнбү?
- Үйрөт. Мен тамак жасаганды жакшы көрөм.
- Үйрөтөм сөзсүз. Руслан, айткандай, дос балдар-кыздар болуп ушул базар күнү тоого барып келели дегенбиз. Жүр биз менен.
- Билбейм. Мен тааныбайм да досторуӊду.
- Таанышасыӊ да. Жакшы балдар-кыздар. Машинаӊ дагы бар. Биз 12 киши болуп атабыз, эки машина бар, сен дагы өзүӊдүкүн айдап чыксаӊ, сонун болот.
- Макул анда.
- Саат эртеӊ мененки 7де Маданият үйүнүн маӊдайында жолугабыз деп сүйлөштүк.
- Макул, келем 7де.
Лагманымды калтырган бойдон, ашканадан чыгып кеттим. Бир сапар жашынып, ыйлап алдым дагы, ишиме кириштим. Мен Эркинайды ала кача албай калганымды досторунун бардыгы билсе керек. Алар мени тамашага салышат болуш керек. Кайдан эле макул болдум. Бирок ошондо эптеп кутулайын дедим. Оӊтойсуз абал болуп калды.
Базар күнү эртеӊ менен эрте туруп, Эркинай менен макулдашкандай, Маданият үйүнүн маӊдайында туура саат 7де болдум. Кыздар-балдар бардыгы чогулушуптур. Эркинай жылмайуусунан ичим жылый түштү:
- Таанышып алгыла, бул Акыл – менин досум. Күнүгө биздин ашканага түшкү тамакка келип жүруп, достошуп алганбыз. Акыл, бул болсо менин досторум - Аселя, Жыпара, Даткайым, Эсен, Жоомарт, Канат, Элина, Алтынбек, Эркеайым, бул болсо менин жигитим – Акжол. Айгерима менен Тунук келе элек, азыр келишет.
- Жакшы. Рахмат кошо чакырып алганыӊарга.
- Сага рахмат. Макул болгонуӊа. Сен бизге абдан керексиӊ. Сенден дагы, машинаӊ керек бизге деп койбоюнбу.
Жыпаранын тамашасына бардыгы күлүп калышты. Мен дагы кичине жеӊилдей түштүм. Алар болгон окуянын барын билбегендей сезилди мага. Билгизбей Эркинайды бир карап, анын жигити Акжолду бир карап жаттым. Экөөнү ажыратып коё жаздадым деп ойлонуп, уятыма чыдабай башымды түшүрүп, өзүнчө эле бир кызыктай болуп жаттым.
Эркинайдын достору мага абдан жакты, Акжол дагы жакшы бала экен. Эркинай экөө кийинки жылы Арабаевага чогуу тапшырганы жатышыптыр. Эркинайды достору менен жакындашып, бир жылды ичинде кан дос болуп калдык.
Көрсө алар, болгон окуянын бардыгын билишкен экен. Мен биринчи билгенде аябай капа болдум, өзүмдү алданып калгандай сездим. Бирок, бара-бара алар менин чечимимди колдоп, ошол убакта мен кыйналып жүргөнүмдү билишип, эч нерсе деп айтышпаптыр.
Күндөрдүн биринде Акжол телефон чалды:
- Акыл, Эркинайды ала качып кетишиптир.
- Кандайча? Ким?
- Кошуна айылдын балдары экен. Эркинайдын ата-энесине барсам, алар макул болбой коюшту. Барбайбыз дейт. Мен өлбөгөн жерден аны алып келишим керек.
- Кайдасыӊ? Азыр келем мен. Алып келебиз. Кабатыр болбо.
- Мен үйдөмүн батыраак келе калчы. Кеч болуп калат! Билесиӊ да.
Мен сызган бойдон үйдөн учуп чыктып, машинама отура калып, 10 мүнөттүн ичинде Акжолдун үйүндө болдум. Эсен экөө мени күтүп жаткан экен. Машинада бара жаттык. Жымжырт. Эркинайды ойлоп, бардыгыбыз абдан толкунданып жаттык. Айылга келип, ким ала качканын билип, ошол үйгө бардык.
Баланы ата-энеси үйүнө киргизбей жатышты. Мен эмне кылаарымды билбей, азыр милиция чакырабыз деп коркутуп баштадым:
- Азыр милисалар менен келебиз!
- Билгениӊди кыл. Сен ким экенсиӊ? Ата-энеси келсе сүйлөшөбүз. Силер болсо татынакай болуп үйүӊөргө барып, оокатыӊарды кылгыла. Сен кимсиӊ деги?
- Мен Эркинайдын досу болом. Биз Эркинайды алып кетебиз.
- Силер ким экенсиӊер аны алып кеткидей. Биз ата-энесинин уруксатын алдык!
- Эмне, Эркинай буюмбу силерге? Ата-энесинен сурап алгандай. Эркинай өзү чечиш керек ким менен болоорун!
- Кара буларды! Кеткиле! Кыз макул болду.
- Андай болсо, чыгып өзү айтсын бизге.
- Жоголгула! Кино азыраак көргүлө! Кара буларды: жөн эле Робин Гуд сезип алышыптыр өздөрүн.
Биз жеӊе албаарыбыз анык болду. Биз алардын жеринде болуп жаттык, анан алардын саны дагы көп болуп жатты, жашы дагы улуу болуп жатты. Машинага отуруп алып, эмне кылабыз деп ойлонуп баштадык. Эсен «Түнүчүндө Эркинайды уурдап чыгалы», деп сунуш киргизди. Бирок Акжол экөөбүз макул болгон жокпуз. Биз ушул кылмышкерлердин кейпин кийгибиз келген жок. Кеӊешип отуруп, биринчи Эркинайдын ата-энесине баралы деп чечтик, алар макул болбосо, анда милиция аркылуу аракет кылмай болдук. Эркинайдын үйүнө кирдик.
Ата-энеси эмне кыларын билбей калгандай көрүндү көзүмө. Акжол толкунданып, оозунан бир сөз чыгара алган жок. Мен болгон эркимди чогултуп сөз баштадым:
- Байке, Акжол – сиздин кызыӊыздын сүйлөшкөн жигити.
3 жылдан бери сүйлөшүп жүрүшөт.
- Сүйлөшүп жүрсө эмне экен?
- Кандайча эмне экен? Экөө сүйөт бири бирин.
- Акжол, кимдин баласысыӊ?
- Акматтын.
- Кайсыл Акмат? Ветеринарбы?
- Ооба.
- Сүйсөӊ, мурда кайда жүрдүӊ эле? Азыр эмне кыл деген турасыӊ?
- Биз бардык. Бизди жакын жолотпой жатышат. Биз менен чогуу барып, алып келели Эркинайды.
- Акжол, нике буйрук ушул болуптур. Барган жеринен бактысын тапсын.
- Байке, бакытты таппайт! Бакытты тандайт, тандап алып анан өмүр бою аны курат! Сиз мага Эркинайды алып кеткенге жардам беришиӊиз керек. Кызыӊыз ала качып кеткен баланы жада калса тааныбайт!
- Балам, биз сурап билдик. Жакшы үй-бүлө экен. Жакшы турган немелер экен. Жакшы жер. Калсын ошол жерде эле.
- Байке, окууга жаӊы эле өттү. Алар окутпайт Эркинайды! Эркинай ал жерде калса... Ал ал жерде калса... Мен эмне кылам? Мен кантем?
- Мурда ойлонуш керек болчу. Азыр кеч болуп калды. Азыр ачуубасар келет.
- Сиз кызыӊыздын бактысына өз колуӊүз менен балта чаап атасыз! Эмне анда кызыӊыздын атын Эркинай деп койдуӊуз? Эркиндигин өз колуӊуз менен бекитип жатсаӊыз!?
Эркинайдын апасы шорулдап ыйлап баштады. Ушундай ачуу ыйлады. Ыйын токтото албай Эркинайдын атасына кайрылды:
- Арстан, кызыбызды алып келели. Суранам. Алып келели. Суранам, Арстан.
- Закия!
- Арстан, кызым ошол жерден кордук көрсө, мен дагы өзүмдү кечирбейм.
- Кеттик!
Апасын ыйлаган бойдон калтырып, Эркинайдын атасы, агасы экөө өздөрүнүн машинасына отурушту. Биз алардын артынан өзүбүздүкүнө отуруп, жөнөдүк.
Бир малда машинасы токтоп калды. Эркинайдын агасы машинадан чыгып, бизди көздөй басты. Барбай калды окшойт деп ойлоп кеттик. Агасы астыга жүргүлө деп жандап көрсөттү. Ооба да. Алар үйдү билбейт да. Биз астыга чыктык.
Келдик. Барыбыз машиналарыбыздан чыктык. Эркинайдын атасынын сүрүнөн өзүм дагы коркуп кеттим. Ал эч кимди карабай, дарбазаны көздөй чоӊ аттап басты. Бир эркек киши чыкты. Арстан байке унчукпай короосуна кирди.
- Сиз кимсиз?
- Кызым кана!?
- Кулдугубуз бар! Келиӊиз, кириӊиз! Кудабыз келген тура!
- Кызым кана дейм!?
- Сиздин кызыӊыз – эми бизге келин бала болду. Келиӊиз, шашпай сүйлөшөлү.
- Мен сага «Кызым кана?» деп жатам!
- Куда, бир ачууӊузду мага бериӊиз! Айтаар сөзүбүз бар.
- Сенин сөзүӊдүн кереги жок мага. Кызым кана!?
- Келиӊиз. Кириӊизчи үйгө.
Арстан байке тиги кишини желкеден алып, «Кызымды алып кел!» деп кыйкырды.
Эркинай чуркап чыкты. Көз жашы көлдөгөн, башында апакай ак жоолук:
- Ата! Атаке!
- Кызым, каралдым менин. Мен келдим. Алып кетем сени, күчүгүм. Баары жакшы болот.
Эркинай атасын кучактап алып, өӊгүрөп ыйлап жатты. Баланын тууган-туушкандары күбүр-шыбыр болуп эле жатышты. Арстан байке алардын бир сөзүн укпагандай болуп эле, кызын катуу кучактап алып, кошо ыйлап жатты. Биз баарыбыз ыйлап жаттык. Баланын туугандары унчукпай эле калышты. Машиналарыбызга отурдук дагы, жылдык.
Эркинайдын үйүнө жакындап калганда, апасынын элесин көрүндү, байкуш күтүп турган экен. Кызын көрүп сүйүндү. Эркинай чыгып эле, апасына чуркады. Экөө теӊ ыйлап жатты.
Закия эже бизге кайрылды:
- Балдарым, бара койгула. Үйүӊөргө баргыла. Анан шашпай жолугуп, сүйлөшөсүӊөр.
Эркинай биз жакты эч бир карабай жаткандыгын байкадым. Уялгансып турду. Акжол дукарап, көзүн катып, баттан сүйлөдү:
- Акжол, кечир мен, менде күнөө жок.
Акжол болсо шыбырап жооптоду: «Сенде күнөө жок, жаным, мен билем, бардыгы жакшы болот, мен сүйөм сени».
Бардыгыбыздын муундарыбыз калчылдап, эмне кылаарыбызды билбей калдык. Үйлөрүбүзгө тарап кеттик.
Ошол күндөн бери бир жарым жыл өттү. Азыр ошол күндү эстеп алып, артта калган күндөр деп кубанам. Ошондо колубуздан эч нерсе келбегенин эстесем азыр дагы ичим ачышат. Ошондо Эркинайдын атасы кийлигишпей койгондо, эмне болот эле? Ойлогум да келбейт.
Азыр болсо мен Акжол менен Эркинайдын үйлөнүү тоюнда отурам. Өзүмдү бир өзгөчө бактылуу сезип отурам. Мен дагы булардын бактысына бир кашык салымымды коштум окшойт. Азыр бир-эки мүнөттө мага сөз беришет.
Эмне деп айтаарымды ичимден даярдап жатам:
- Эркинай, сен эркин болуу үчүн төрөлгөнсүӊ! Дүйнөдө бир да адам сени эркиӊден ажыратууга укугу жок. Андай укук дүйнөдө бир да адамда жок! Сени бактылуу болгонуӊа эч ким тоскоолдук боло албайт. Жада калса атыӊ да ошону билдирет.
Сенин ата-энеӊ сага жөн эле ушул атты берип койбостон, алар сенин эркиндигиӊди коргошуп, бүгүн өз тандооӊ менен Акжол менен баш кошуп отурасыӊар. Мен абдан кубанычтамын. Экөөӊөр сонун жубайларсыӊар, анткени, силер бири-бириӊерди сүйүп, тандап алгансыӊар... Бактылуу болгула!