Кыргызстан эл аралык уюмдарга мүчөлүк кылууга бир жылда 442 млн сом жумшады — инфографика

Кыргызстан 2017-жылы ЕАЭБге мүчөлүк кылууга 150 млн сомдон ашуун каражат сарптады. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Кыргызстандын бийлиги 2017-жылы эл аралык уюмдар менен интеграциялык бирикмелердин мүчөлүк жана үлүштүк төгүмдөрүнө 442,5 млн сомдон ашуун каражат жумшаган.

2017-жылы Кыргызстандын мүчөлүк жана үлүштүк төгүмдөрүн 39 эл аралык уюмдар менен бирикмелер алышкан. Эң көп төгүмдү Кыргызстан ЕАЭБдин фондуна которуп берген — бул 152,8 млн сом*.

Кыргызстандын атынан эң эле аз төгүмдү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) катышкан Өкмөт башчыларынын кеңешинин алдындагы Интернационалист аскерлердин иштери боюнча комитети алган — бул 60,8 миң сом.

БУУ жана анын ведомстволору жалпы-жонунан Кыргызстандан 32,9 млн сом, эл аралык насыя уюмдары — дээрлик 115 млн сом, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм (ЕККУ) — 3 млн сом, Дүйнөлүк соода уюму (ДСУ) — 2,5 млн сом, ал эми Кылмыштуулук полициясынын эл аралык уюму (Интерпол) 1,2 млн сом алышкан.

Кыргызстан Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюмунун (ЖККУ) муктаждыгы үчүн 33,4 млн сом которгон, ал эми КМШнын парламенттер аралык ассамблеясы менен Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) ар бирине 16,5 млн сомдон төлөп берген.

Мындан тышкары, Кыргызстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине 14,6 млн сом, ал эми Ислам кызматташтык уюмуна 12,7 млн сом которгон.