Ноокенде эки киши оюнчук тапанча менен аялды коркутуп 1 млн сомун тоноп кетишти

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда өзүн электрик деп тааныштырып эки эркек киши бир үйгө кирип кетишкен. Алар үй кожойкесин оюнчук тапанча менен коркутуп, 1 млн сомун тоноп кетишти.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков «Клоопко» билдиргендей, окуя 19-январь күнү Ноокендин Масы айылында болгон.

20-25 жаштагы эки жаран электрик экенин айтып, аялды тоноп кеткен.

«Келинди оюнчук тапанча менен коркутуп, оозун скотч менен чаптап салышкан. Ошондой эле анын колу-бутун байлап, үйдөгү сейф менен алтын буюмдарын чечип алып кетишкен», — деди Турдубеков.

Милиция сейфте 1 млн сомдой каражат болгонун айтты. Шектүүлөр учурда изделүүдө. Аларга каршы «Каракчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.