![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2018/01/881.jpg)
Ош облусундагы Кызыл-Кыштак айылынын тургуну 20 жылдан бери күнөскана иштетип, Кыргызстандын аймактарындагы дүкөндөрдү гүл менен камсыздап келет. Анын күнөсканасында Голландия менен Италиядан алынып келинген гүлдөр өстүрүлөт.
Акбар Азимов Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында жашайт. Күнөскана куруп өлкөнүн аймактарына гүл жөнөтүп иштеп келатканына 20 жылдай убакыт болуп калды.
![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2018/01/661.jpg)
Жаш кезинен короосуна гүл өстүрүп жүргөн багбан тажрыйба иретинде 10 сотых жерди ижарага алып иштетип көрүүнү чечкен.
![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2018/01/111.jpg)
«Ал жерге алгач жоогазын өстүрүп көрдүм. Кийин суроо-талапка жараша калла, альстромерия, гвоздика, гербера менен розаны кошо баштадым», — дейт багбан.
![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2018/01/221.jpg)
2010-жылдары күнөскана ишине баш-оту менен кирип кетип, ал гүл бизнесин кеңейтүүнү чечкен. Анын күнөсканасы азыркы күндө бир гектарды түзөт.
![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2018/01/551.jpg)
Учурда ал гүлдүн 20га жакын түрүн өстүрөт. Көчөттөрдү көбүнчө Голландиядан алып келишет жана сортторун улам жаңыртып турат. Мындан сырткары Италиядан алынып келинген гүлдөр бар.
![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2018/01/331.jpg)
Кышкысын гүлдөргө өзгөчө камкордук талап кылынат. Ал эми күн жылуу болсо гүлдөр да жакшы өсүп, багбан дагы азырак чыгаша тартат.
![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2018/01/441.jpg)
«Абанын табы бирдей болсун деп от жагабыз. Түнү менен уктабай чыккан күндөр болот. Убактысы менен чөптөрүн жулуп, гүлдөрдүн ар бирине маани беришиң керек, болбосо куурап калат», — деп түшүндүрдү багбан.
![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2018/01/771.jpg)
Бир гектар аянтты ээлеген күнөсканага кыш ичи 50 тонна көмүр жагылат. Жумушчу күч — багбандын сегиз кишиден турган үй-бүлө мүчөлөрү.
![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2018/01/991.jpg)
Ошондой эле Азимов гүлдөрдү жазда жыйнап алгандан кийин жерди эс алдырып, күнөскананын ордун башка жерге улам жылдырып турат.
Учурда ал буюртма менен Бишкек, Ош, Араван, Талас жана Кызыл-Кыя шаарларына гүлдөрдү жөнөтүп турат. Багбан күнөсканасынын аянтын кеңейтүүнү максат кылууда.