Түркиялык 36 жаштагы Зафер Динчер Ош шаарына 14 жыл мурун келген. Ал сабак бергенден тышкары Кыргызстандын алыскы аймактарын кыдырып, фотосүрөткө тартып чыгарат.
Германияда төрөлгөн Зафер Динчер Түркияда билим алган. Ал эми эмгек жолун Кыргызстанда физика мугалими болуп баштаган.
Ал өлкөнүн жети дубанын кыдырып, жаратылышын сүрөткө түшүрүп келет. Динчер алгачкы фотоаппаратын колуна 25 жыл мурун алган. Профессионал фото сүрөтчү катары 5 жылдан бери таанымал.
Учурда колуктусу менен Ош шаарындагы «Сапат» лицейинде физика сабагын окутушат. Жубайлар эки баланын ата-энеси — 8 жаштагы кызы Ошто, 6 жашар уулу Таласта төрөлгөн.
Баяндоо Зафер Динчердин атынан жүргүзүлөт.
«Он төрт жыл жашап калышыбыз оюбузга келген эмес»
Башында эл-жер көрөбүз деп келгенбиз, а бирок Кыргызстанда 14 жыл жашап калышыбыз оюбузга келген эмес.
Жубайым менен жогорку окуу жайда таанышканбыз. Баш кошкондон кийин анын туугандары Кыргызстанга барып иштөөбүзгө каршы болушкан. Ошондо, биз барчу өлкө ага жагат деп ишенимдүү айттым.
Үй-бүлөбүз менен Кыргызстандын жети облусунда болдук. Ош облусунда 8 жыл, Таласта 5 жыл жашадык. Ал эми Жалал-Абадда да көп эле болдук. Нарында болсо азыраак убакыт жашадык.
Кыргызстандын бардык райондорунан машине менен жарым сааттык жол жүрсөң, абасы таза жаратылыш койнуна кирип барасың. Мындай мүмкүнчүлүк дүйнөнүн көп жеринде жок.
Ош мага жагат, мында көрө турган жерлер абдан көп. Алайда эле канчалаган тоолор, жайлоолор бар. Негизинен ар бир аймактын өзүнүн өзгөчөлүгү бар.
«Сүрөт тартуу мен үчүн бизнес эмес»
Фотоаппаратты колума окуучулук куракта эле алгам. Ата-энем профессионалдуу фотоаппарат алып берген. Сүрөт тартуу — хоббим.
Анын арты менен канчалаган жерлерди кыдырып, окуяларга туш болуп, адамдар менен тааныштым. Айылга барганда, элеттиктер сени тааныбаса деле үйүнө чакырып, тамак-ашын берип, жылуу мамилесин көрсөтүшөт.
Бул да болсо айылга тартып турган кандайдыр бир мотивациялардын бири болсо керек.
Башка бир өлкөдө жашасаң да, ошол өлкөнүн келечеги үчүн колуңдан келгенин жасашың керек — мен болсо сүрөт тартам.
Ошто тарткан сүрөттөрүмдү Нарында жашаган бирөө көрүп калып, андан кийин түштүк борборго келип кетсе дейм.
Балким, чет өлкөлүктөр да Кыргызстан тууралуу маалымат алып калышат. Бул кыргыз туризми үчүн пайдалуу. Сүрөт тартуу мен үчүн бизнес эмес.
Коомдук желеде сүрөттөрүмдү жайгаштырсам, аларды 10 миңге чукул адам кызыгып көрөт. Кыргызстан ушундай жерби деп суктанышат. Жазында келүүнү пландап жаткан досторубуз да бар.
Кыргызстан тууралуу кеңири маалымат сурап чет өлкөлүктөр да кайрылышат.
Эң башкы байлык Кыргызстанда бар — ал анын жаратылышы.
«Сулайман-Тоонун төрт мезгилдеги сүрөтү бар»
Кыргызстан дегенде эле, Ысык-Көл, Соң-Көл, Сары-Челек, Суусамырды элестетишет. Бирок андан сырткары да аябай кооз жерлер бар экенин көбү биле беришпейт.
Эгерде бул өлкөнүн жаратылышынын 10 пайызы гана башка мамлекетте болгондо, туристтер ал жакка агылмак. Анткени, ал жакта туризмди жайылтуу жакшы жолго салынган.
Кыргызстанга келген туристтердин арасында профессионал фотографтар да бар. Алардан менин айырмам — өлкөдө төрт мезгилге тең күбө болгонум.
Ошон үчүн да менде Сулайман-Тоонун жаз, жай, күз жана кыш мезгилинде тартылган сүрөттөрү бар.
Ошол сүрөттөрдүн ичинде чагылган түшкөн учуру да бар. Май айында чагылган адаттан көп түшкөн болчу.
Аны тартуу үчүн 5 сааттай убакыт күттүм. Таңкы саат 04:20 чамасында тарткан эң акыркы сүрөтүм ийгиликтүү чыкты.
Өзгөндө улак тартышты сүрөткө түшүрүү үчүн бирөөнүн атына учкашып, 500 аттын арасына кирдим. Мындай учурлар менин эсимде түбөлүк калат.
Бишкекте Ахмет Доган аттуу сүрөтчү досум бар. Ал көбүнчө түндүк Кыргызстандын аймактарын тарткан, мен болсо түштүк тарабын тартам. Сүрөттөрүбүздү бириктирип, китеп чыгарсак деген оюбуз бар.
Авторлор: Айбике Амангелди кызы, Жумагүл Кочкорбай кызы