Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктын себеби табылган жок, жылуулук качан берилээри белгисиз

Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу күн ичинде экинчи басма сөз жыйынын берип жатып, кырсыктын себептери жана жылуулуктун берилиши качан калыбына келтирилишин билбестигин айтты.

ЖЭБ жана «Түндүкэлектронун» башчылары 27-январда басма сөз жыйынын куруп, бишкектиктердин үйүндө жылуулук менен жарыктын жоктугунун себептери тууралуу маалымат беришти.

Бишкек ЖЭБиндеги кырсык боюнча 27-январдагы биринчи курулган басма сөз жыйынында, жылуулук ушул эле күнү кечки саат 22.00гө чейин берилет деп сөз беришкен.

Экинчи жыйында мекеменин жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу көйгөй качан чечилээри белгисиз экенин айткан.

«Качан жылуулук берилээрин азырынча айта албай жатабыз. Аны өзүбүз да билбейбиз. Жылуулук борбордун өткөрмө түтүктөрү, насос жабдыктары текшерилүүдө. Химиялык тузсузданган суу толугу менен бөлүнүп берилбей жатат, кайсы бир жерде жылжып кетүүдө», — деди ал.

Буга чейин мэр Албек Ибраимов, эгерде жылуулуктун берилиши кечки саат 22.00гө чейин калыбына келтирилбесе, атайын комиссия вице-премьер Айбек Шадиевдин жетекчилиги астында күнөөкөрлөрдү таап, жазаланаарын билдирген.

Кырсыктын так себептери азырга чейин белгисиз, бирок «трубиналардын жана диверсиялардын жарылуусу» болгон эмес.

«ЖЭБде негизги жумушту жаңы жабдыктар аткарат, тагыраагы эски котелдорго оордук келбейт», — деди ЖЭБнын башчысы.

Өмүркул уулу жумуштан кетүүгө жана кырсык үчүн жоопкерчили тартууга даяр экенин билдирди.

Мындан мурдараак ЖЭБ кырсык модернизация кылууга жетишпей калган жабдыктын айынан жаралганын айтып келишкен. Модернизацияны ЖЭБ 2017-жылдын август айында жасап бүтүшкөн. Аны менен TBEA кытай компаниясы алектенген — ал үчүн $ 386 млн алышкан.

Адистер ЖЭБдеги кырсыктын кесепеттерин жоюуга аракеттенишүүдө. Жабдыктардын иштешинде жаралган көйгөй, ЖЭБдеги эски казандардагы суунун температурасы төмөндөп кеткендигине байланыштуу болгон. Жылуу суунун температурасы нормадан төмөндөгөн.

Ошондой эле, басма сөз жыйынына «Түндүкэлектронун» жетекчиси Искендер Кадыркулов да катышкан. Ал жарык берилүүсүнүн үзгүлтүккө учурашы ЖЭБдеги кырсыкка байланышы жок болгонун айтты.

Бишкектиктер шаардын айрым райондорунда жылуулуктан тышкары, жылуу жана муздак суу берилбей жатканын кабарлашкан.

«Бишкек жылуулук борборунун» башчысынын орун басары Михаил Кургановдун айтымында, текшерүү учурунда 46 үйдө жылуу суунун өткөрмө түтүктөрү тоңуп калганы аныкталган.

«Жылуулук түйүндөрүнүн режими нормада. Жабдыктар штаттык режимде иштеп жатат. Биз 1877 турак жайды тейлейбиз», — деди Курганов.

ЖЭБдеги кырсык 26-январда кечинде болуп өткөн, аны ошол эле күнү оңдошот деп үмүттөнүшкөн. Жети саат өткөндөн кийин шаардыктар үйлөрүндөгү температуранын төмөндөп кетишине даттанышып, ЖЭБдин өкүлдөрү кырсык болгонун кабарлаган жана көйгөй бир нече сааттын ичинде чечилет деп сөз беришкен.

Бирок 27-январь күнү эртең менен жылуулук кайра калыбына келтирилген эмес. Премьер-министр Сапар Исаков Бишкектин жана айланасындагы райондордун тургундары үчүн жылуулук жана ысык тамак түйүндөрүн ачууну тапшырган.