Бишкек ЖЭБинде кошумча жылуулук агрегатын кошууда түтүк жарылып кеткен

Улуттук энергохолдинг билдиргендей, Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) дагы бир авария болгон — кошумча жылуулук агрегатын кошууда түтүк жарылып кеткен. ЖЭБдин жылуулук берүү жабдыгы 26-январдан тарта бузула баштаган.

Улуттук энергохолдингдин басма сөз кызматы маалымдагандай, авария №24 кошумча жылуулук казанын кошууда болуп, анда түтүк үзүлүп кеткен.

Жарылган жер токтотулуп, адистер бузукту калыбына келтире башташкан.

«Бул бузулуу аба ырайына байланыштуу. Дал ошо абанын температурасы -20 градус болуп жаткандыгынан. Учурда кошууга башка №23 жылытуу агрегатын даярдап жатышат», — деп айтылат мекенин маалыматында.

Басма сөз кызматтан ЖЭБдин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте күн-түн бою иштеп жатышканын кошумчалашты.

Көп батирлүү үйлөрдү жылуулук менен камсыздаган Бишкек ЖЭБиндеги авария 26-январда болгон. Батирлерде температура кескин төмөндөп, электр жарыгы менен жылуу суу берүү үзгүлтүккө учурай баштаган.

Премьер-министр Сапар Исаков 27-январь күнү кечинде ЖЭБге барып, Мамэкотехинспекцияга авария фактысы боюнча иликтөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырган.

Өкмөттөн 28-январь күнү Бишкек ЖЭБиндеги авария жоюлганын жана жылуулук үйлөргө бир сутка ичинде акырындап берилээрин билдиришкен. ЖЭБдин өкүлдөрү авария эски жабдыкта болгон деп ырасташууда.

2017-жылдын августунда Бишкек ЖЭБинде 24 жылытуу агрегатынын ичинен төртөөнү модернизациядан өткөрүшкөн. Калган жылытуу агрегаттары ЖЭБде өткөн кылымдын 1960-жылдарынан бери иштеп келет. Модернизация иштерин кытайдын TBEA компаниясы 386 млн долларга аткарган.

ЖЭБдеги авария аномалдуу суука аба ырайына туш келип калган. Күндүзү абанын температурасы -10 градустан ашпай, ал эми түнкүсүн -20 градустан төмөн болууда.