Исаков Бишкек ЖЭБинде түзүлгөн кырдаал үчүн кечирим сурады

Премьер-министр Сапар Исаков кайрылуу жасады. Анда ал тургундардан Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) түзүлгөн кырдаал жана анын натыйжысы жай жоюлуп жаткандыгы үчүн кечирим сураган. Ал бардык күнөөлүү кызматкерлер ээлеген кызматтарына карабастан жазага тартылышаарын убада кылды.

Исаковдун билдирүүсүн 29-январда өкмөттүн сайтында жарыялашкан. Премьер-министр билдиргендей, ал түзүлгөн кырдаалдын оордугун түшүнөт жана кечирим сурайт.

«Өкмөт башчысы катары түзүлгөн кырдаал үчүн баарыңыздардан кечирим сурайм жана актангым келбейт. Абал катуу иликтөөгө алынат. Бардык күнөөлүү кызматкерлер ээлеген кызматына карабастан жазаланышат», — деп айтылат премьер-министрдин кайрылуусунда.

Исаков жазага жөнөкөй кызматкерлер эмес, энергетикалык тармакка жооптуу жетекчилер тартылаарын айткан.

Өкмөт башчысы Бишкек ЖЭБиндеги аварияны иликтөө менен укук коргоо органдары алектенип жатышканын белгиледи. Анын айтымында, ишкананын жаңыланган бөлүгүнүн туруктуу иштеши масштабдуу көйгөйлөрдөн кутулууга жардам берген.

«Эгерде Бишкек жылуулук борборунда реконструкцияларды жүргүзбөгөндө мындай суукта шаар ичиндеги бардык суу түтүктөрү толугу менен жарылып, иштен чыкмак. Анын кесепетинен шаардын инфраструктурасы жабыркап, масштабдуу зыяндарга учурамакпыз. Албетте, өлкөбүздүн экономикасына да чоң күч келмек», — деп айтылат Исаковдун билдирүүсүндө.

Премьер-министрдин айтымында, Бишкек ЖЭБиндеги авария энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү ачыкка чыгарып, өлкөнүн энергетика тармагы модернизацияга, ошондой эле, кошумча инвестицияларды тартууга, кабыл алынган чечимдердин ачык-айкындыгын жогорулатууга муктаждыгы бар экенин көрсөткөн.

Кайрылуунун аягында Исаков өкмөт ЖЭБдеги авариянын кесепеттерин чечүү маселесин артыкчылык максат катары койгонун, ал эми бардык мамлекеттик органдар шаардын жылуулук берүү тутумун калыбына келтирүү үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатышканын билдирди.

Бишкек ЖЭБиндеги авария 26-январда болгон. Батирлерде температура кескин төмөндөп, электр жарыгы менен жылуу суу берүү үзгүлтүккө учурай баштаган.

Ал эми Исаков өзү жылуулук берүү борборуна эртеси күнү кечинде барган. Ал ЖЭБдин ишин калыбына келтирүү кандай жүрүп жатканын текшерип, бул кырдаалдын жаралышына күнөөлүүлөрдү жазага тартууну буйруган.

Учурда ЖЭБдин кызматкерлери авариянын кесепеттерин жоюп, жылуулук берүүнүн температурасын жогорулатууга аракет кылышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: