Орловкада 7 млн сомдук жабдыктарды уурдоого шектелген үч адам кармалды

Чүй облусунун милициясы жалпы баасы 6,9 млн сомду түзгөн генератор, ширетүү аппаратын жана башка техникаларды уурдоого шектелгендерди кармады. Алар 1-Тергөө изоляторуна камакка алынды.

Чүй облустук ШИИБнин басма сөз катчысы Назира Имангазиева «Клооптун» кабарчысына маалымдагандай, милиция 25-январда жабдыктарды уурдоого шектүүлөрдү кармаган. Кармалгандар — Бишкектен бир нече чакырым алыстыкта жайгашкан Орловка шаарынын тургундары экени аныкталган.

Милиция 17-январга караган түнү үч эркек адам компаниялардын биринин кеңсесине кирип, ал жактан генератор, ширетүү аппаратын жана башка жабдыктарды чыгарып кетишкенин аныктаган. Кеңсенин кожоюну зыяндын өлчөмүн 6,9 млн сомго баалаган.

«Башында милиция өз ыктыяры менен күнөөсүн мойнуна алган 25 жаштагы жергиликтүү тургунду кармаган. Ошондой эле, ал кылмышты өзүнүн достору менен кылганын айтып берген», — деди Имангазиева.

Милициядан тактап беришкендей, кармалгандар уурдалган жабдыктардын жарымын Орловканын чет жагына катышып, ал эми калгандарын Бишкектин базарында сатып жиберишкен. «Буюмдардын бардыгы табылып, алынып коюулган», — деди Имангазиева.  

Милиция «Уурулук» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.


ТЕМА БОЮНЧА: