УКМК Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу текшерүүнү баштады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияга байланыштуу текшерүүнү баштады. Жылуулук борборундагы жабдык 26-январда иштебей калып, натыйжада Бишкектин батирлеринде температура төмөндөй баштаган.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов «Клооптун» кабарчысына маалымдагандай, ЖЭБдеги авариядан кийин атайын кызмат «контртеррористтик иш-чаралардын алкагында» текшерүүнү баштаган.

«Бишкек ЖЭБинде авария тууралуу маалымат пайда болоору менен ал жакта контреррористтик иш-чаралардын алкагында текшерүү башталган», — деди Сулайманов.

Басма сөз катчы атайын кызмат тагыраак кимди тешерип жатканын тактап бере алган жок — Сулайманов менен телефон аркылуу байланыш үзүлүп калып, андан соң ал телефон чалууларга жооп бербей калган.

Көп батирлүү үйлөрдү жылуулук менен камсыздаган Бишкек ЖЭБиндеги авария 26-январда болгон. Батирлерде температура кескин төмөндөп, электр жарыгы менен жылуу суу берүү үзгүлтүккө учурай баштаган.

Премьер-министр Сапар Исаков 27-январь күнү кечинде ЖЭБге барып, Мамэкотехинспекцияга авария фактысы боюнча иликтөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырган.

Өкмөттөн 28-январь күнү Бишкек ЖЭБиндеги авария жоюлганын жана жылуулук үйлөргө бир сутка ичинде акырындап берилээрин билдиришкен. Бирок 29-январда дагы бир авария болгон, анда кошумча агрегатты кошууда түтүк жарылып кеткен.

ЖЭБдин өкүлдөрү бузулуулар өткөн кылымдын 1960-жылдары пайдаланыла башталган эски жабдыктарда болуп жатат деп ырасташууда.

2017-жылдын августунда Бишкек ЖЭБинде 24 жылытуу агрегатынын ичинен төртөөнү модернизациядан өткөрүшкөн. Модернизация иштерин кытайдын TBEA компаниясы 386 млн долларга аткарган.

ЖЭБдеги авария аномалдуу суук аба ырайына туш келип калган. Күндүзү абанын температурасы -10 градустан ашпай, ал эми түнкүсүн -20 градустан төмөн болууда.


ТЕМА БОЮНЧА: