Өзбек чек арасынан «мыйзамсыз» өткөн кыргызстандыкка ок атылган

Өзбек чек арачылары мал кайтарып жүргөн учурда Өзбекстандын аймагына кирип кеткен кыргызстандыкка ок чыгарып жарадар кылышты. Учурда кыргызстандык ооруканага жаткырылды.

Кыргызстандын чек ара кызматынын басма сөз борбору маалымдагандай, окуя 27-январда кыргыз-өзбек чек арасында болгон. Жабыркаган адам Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун тургуну экени аныкталган.

«Тургун мамлекеттик чек арага жакын жерде мал кайтарып жүрүп, Өзбекстандын аймагына өтүп кеткенден кийин ал өзбек чек арачылары тарабынан аныкталган. Кармоо учурунда Өзбекстандын аймагынан Кыргызстан тарапка качып кетүүгө аракет жасаган», —  деп айтылат Кыргызстандын чек ара кызматынын кабарында.

Өзбек чек арачылары ырастагашкандай, малчы «эскертүүлөр менен талаптарды укпай койгон», ошондуктан кызматкерлер «курал колдонууга арагасыз болушкан».  

Кыргызстандык санына тийген октон жарадар болуп, Өзбекстандын Чуст райондук ооруканасына жаткырылган — врачтардын айтымында, анын абалы «канааттандыраарлык».

Кыргыз жана өзбек тараптын келишими боюнча, кыргызстандыктын ден соолугу калыбына келип, иликтөө аяктагандан кийин аны кыргыз тарапка өткөрүп беришет. Кыргызстандын чек ара кызматы жабыркаган адамдын бир туугандары ага ооруканага барып көрө алышаарын белгилешти.

Эки тарап тең окуяга байланыштуу өз иликтөөлөрүн жүргүзүп жатышат.

Кыргыз чек арачылары мамлекеттик чек араларда мындай окуялар кайталанбашы үчүн чек арага жакын жайгашкан аймактардын калкына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.