Алайда аңчылыкка чыгып кеткен мергенчи эки күндөн бери изделүүдө

Оштогу Алай районунун 50 жаштагы тургуну 28-январда карышкыр атканы чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана райондук милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүдө.

Алайдагы Октябрь айылынын 50 жаштагы тургуну 28-январда эртең менен Сары-Күнгөй тоосуна аңчылыкка кеткен бойдон дайынсыз.  

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери Авазбек Айтиев «Клоопко» билдиргендей, мергенчи акыркы жолу 28-январь күнү түштөн кийин үй-бүлөсүнө байланышка чыккан.

«Ошол бойдон кайра чалган эмес. Издөө иштерине 31-январь күнү Алай райондук Өзгөчө кырдаалдагы куткаруу бөлүмүнүн алты кызматкери тартылды», — деди ал.

Айтиев кошумчалагандай, дайынсыз болуп жаткан тургун буга чейин да аңчылык менен алектенип жүргөн.

Учурда издөө иштерине тартылган Алай райондук милиция бөлүмүнүн алты кызматкерине жергиликтүү тургундар да көмөктөшүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: