Ноокенде оюнчук тапанча менен 1 млн сом «уурдагандар» Бишкектен кармалды

Жалал-Абаддын Ноокен районунда өздөрүн электрик деп тааныштырып, 1 млн сом тоноп кетти деп шектелгендер 27-январь күнү Бишкекте колго түштү. Кылмышка шектүү 28 жана 29 жаштагы жарандар Ноокен райондук тергөө абагына киргизилген.

Ноокендин Масы айылында 19-январда өздөрүн электрик деп тааныштырып, үйдөгү зер буюмдар менен кошо 1 млн сом карактап кетти деп шектелген эки киши Бишкекте кармалды.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков «Клоопко» кабарлагандай, эки шектүү тең 27-январь күнү колго түшкөн.

«Шектүүнүн бири 28 жашта, Ысык-Көл облусунун тургуну. Экинчиси Ноокен районунун 29 жаштагы жашоочусу болуп, ал мурда “адам өлтүрүү” беренеси менен соттолгондугу аныкталды», — деди Турдубеков.

Учурда кармалгандардын башка кылмыштарга да байланышы бар же жок экени териштирилүүдө.

Каракчылык фактысы 2018-жылдын 19-январында Жалал-Абад облусунун Масы айылында катталган. Базарда соода менен алектенгендердин үйүнө белгисиз эки жаран өзүн электрик деп тааныштырып киришкен.

Алар эшикти ачкан 26 жаштагы келиндин оозун скотчтоп, оюнчук тапанча менен коркутуп, зер буюмдар жана акча салынган сейфти алып кетишкен.

Жалал-Абад облустук милициясы уурдалган буюмдун жана каражаттын суммасын 1 млн сом деп белгилеп, «каракчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.


ТЕМА БОЮНЧА: