Депутат Жолдошбаев «маршруттук таксиде» келип жаткан башка эл өкүлдөрү үчүн уялат

Парламенттин депутаты Камчыбек Жолдошбаев коомдук транспорт менен «Жогорку кеңешке жөө келишкен» эл өкүлдөрү жана алардын жардамчылары үчүн уялганын айтты. Жолдошбаев бул маселени жыйында журналисттерди катыштырбай талкуулоону сунуштады.

Жолдошбаев парламенттин жыйынында маршруттук таксиден түшүп, Жогорку кеңештин имаратына чейин жөө басып келишкен кесиптештеринин жанында өтүп бара жатып «баш кийимин ылдый түшүрөөрүн» билдирди.

«Чынын айтканда, мен уялам, кээбир депутат кыздарыбыз, келиндерибиз жана балдарыбыз жанакы маршруткадан түшүп, жөө басып келишет. Анан мындай шапкемди ылдый басып, көрүнбөй машина менен кирем. Ушуну бир карап көрсөңүз Дастан Артисбекович. Прессасы жок өзүнчө отуруп сүйлөшүп алалык. Себеби ошол эле берген машиналарды башкалар минип жүрөт, ошол эле акчанын баары кетип атат, ушул жөнүндөгү маселени киргизип, кайсы маалга туура келээрин карап койсоңуз», — деди Жолдошбаев парламентте.

Депутат жыйында кызматтык автоунааларды парламентарийлерге кайтаруу боюнча маселени журналисттердин катыштыгы жок талкуулоону сунуштады.

«Клооптун» редакциясы материалды чыгараар алдында Жолдошбаевдин өзү менен байланышка чыга алган жок. Анын жардамчысы депутат жыйында экенин жана азырынча анын билдирүүсү туурасында сүйлөшө албастыгын айтты.

2015-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин депутаттар кызматтык унаалар менен бир нече жардамчыларынан баш тартышкан. Мындай жол менен өзгөртүүлөрдүн авторлору мамлекеттик бюджеттен парламентке каражат жумшоону кыскартууну көздөшкөн.

Бирок 2017-жылдын октябрында «Кыргызстан» фракциясынын парламенттеги спикери Дастан Жумабеков кызматтык автоунааларды депутаттарга кайтарып берүү боюнча маселени кароого даяр экенин билдирген.

«Мурдараак парламент кеңешчилер менен жардамчыларга жана кызматтык автоунааларга байланыштуу өзгөртүүлөрдү регламентке өзү киргизген. Бирок айрым өтүнүчтөр менен талаптар бар. Бардыгы депутатардын колунда», — деп билдирген Жумабеков.

Анда спикерге КСДПнын депутаты Ирина Карамушкина кайрылган. Ал эл өкүлүнүн жумушу «ыкчамдыкты» талап кылат, ошондуктан депутаттарга кызматтык автоунаалар керек деп билдирген.