«Түндүк электр» ЖЭБдеги авариядан кийин Бишкекте электр энергиясы боюнча отчет берди

«Түндүк электр» бөлүштүрүүчү ишканасы билдиргендей, Бишкекте электр энергиясын берүү «турукташтырылды». Үзгүлтүккө учуроо 26-январда Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариядан кийин болгон.

«Түндүк электр» электр энегиясын камсыздоо калыбына келтирилгени боюнча 1-февраль күнү кечинде билдирди — ишкананын маалыматына ылайык, бөлүштүрүү тармактар «штаттык тартипте иштеп атат».  

«ЖЭБдеги кырдаалдага байланыштуу үзгүлтүккө учураган электр энергиясын шаардыктарга берүү турукташтырылды», — деп билдирди компания.

Күндүз 1-февраль күнү эле ишканага электр энегиясы үзгүлтүккө учурап жатканы боюнча арыздар түшүп жаткан, бирок ошол күнү кечинде кемчиликтер жоюлган. «Түндүк электрдин» маалыматына боюнча, Бишкекте электрмонтёрлордун ыкчам көчмө бригадасы иштеп жатат.

Электр энергия менен камсыздоо 26-январда Бишкек ЖЭБиндеги авариядан кийин үзгүлтүккө учурай баштаган.

Окуя көптөгөн бишкектиктерди жылуулуктан ажыратып, көп батирлүү үйлөрдө температура төмөндөп кеткен. Станциядагы көйгөйлөр Бишкете абанын температурасы Цельсий боюнча -10дон -25ке чейин болуп турган кездеги суукка туш келип калган.

Борбордук жылуулук берүү тутуму иштебей калганда шаардыктар үйлөрүн жылытуу үчүн электр жабдыктарын колдоно башташкан — бул тармактарга күч келтирип, электр энергиясын өчүрүлүшүнө алып келген.

Бишкектиктердин үйлөрүн жылуулук менен камсыздоо 30-январь күнү кечинде авриядан кийин бешинчи күн дегенде жакышара баштаган.

Ошондой эле, ЖЭБдеги окуя башкы прокуратура менен праламент тарабынын териштирүүлөргө алып келген — башкы көзөмөл органы кылмыш ишин козгоп, ал эми депутаттар Бишкек ЖЭБди жаңылоого кеткен 386 млн долларды жана аварияны иликтөө боюнча комиссия түзүшкөн.

Премьер-министр Сапар Исаков башында турган өкмөт жана жылытуу сезонуна жооптуу аткаминерлер бишкектиктердин алдында кечирим сурашып, күнөөлүүлөрдү жазага тартууну убада кылышкан.

Азырынча Исаков кызматтан эки жетекчини алууну тапшырды — алар ЖЭБдин директору жана «Электр станциялар» ишканасынын жетекчисинин орун басары.


ТЕМА БОЮНЧА: