Президент Сооронбай Жээнбеков 1-февралда өзүнүн тажик кесиптеши Эмомали Рахмон менен жолугушту. Эки мамлекеттин башчылары өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты талкуулап, «чек араларды тактоо боюнча аракеттерди аныкташты».
Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Жээнбеков Рахмон менен өзүнүн 1-февралдагы Тажикстанга болгон сапары учурунда жолугушкан.
Жолугушуудан кийин өлкө башчылары биргелешкен билдирүү жасашкан — тараптар соода-экономикалык, аймактык коопсуздук жана экономка тармагында кызматташуу боюнча маселелерди талкуулашкан.
Негизги маселелердин бири катары кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркациялоону талкуулоо болгон — Жээнбековдун айтымында, тараптар мамлекеттик чек аралардын сызыгын тактоо боюнча мындан аркы аракеттерди аныктышкан.
«Тар курамда жана кеңири форматта биз Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда кызматташуунун урунттуу багыттары боюнча көптөгөн маселелерди талкууладык», — деп белгиледи Жээнбеков.
Кыргыз президентинин Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына болгон сапары Тажикстан менен дипломатиялык кызматташтыктын орнотулганына 25 жыл толуп жатканына туш келип калган. Сапардын аягында Жээнбеков Рахмонду Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Чек ара боюнча жыйын
Кыргызстандын өкмөтүнүн чек ара маселеси боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров «Азаттык» үналгысына курган маегинде билдиргендей, жакынкы арада кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өтөт.
Анын айтымында, эл жайгашкан түз жерлер талаштуу болуп калууда — бул пикир келишпестиктерди кыргыз тарап жер тилкелерин алмашуу аркылуу чечүүнү сунуштап атат.
«Биз Баткен районунан беш-алты тилкени алмашуунун жолун Тажикстанга сунуш кылганбыз. Ал жерлерде шахмат иретинде эки өлкөнүн үйлөрү жайгашып калган. Эми биздин сунушка тажик тарап жооп бериши керек. Ушундай жол менен чек араны түздөп кетебиз деген ойлорубуз бар», - деди ал.
Ошондой эле, өкмөттүн өкүлү Баткен районундагы Көк-Таш айылы менен чектеш Тажикстандын Ходжала айлындагы чек арадагы кырдаал татаалдашып кеткенин айтты. Анын айтымында, «чек араны делимитациялоо качан бүтөөрүн эч ким айта албайт» — бул эки өлкөнүн ортосундагы келишимдерге байланыштуу болот.