UFC: Валентина Шевченко жеңил салмактагы алгачкы беттеште мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти

Кыргызстандык Валентина Шевченко бразилиялык Присцилла Качоейрага каршы беттеште мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти. Шевченко үчүн жаңы жеңил салмак категориясындагы бул беттеш алгачкы болуп калды, ал эми анын каршылашы үчүн UFCдеги бет ачаар таймаш.

Биринчи айлампаны Валентина Качоейранын бетине бир катар соккуларды узатуу менен баштады. Жарым мүнөттөн кийин кыргызстандык мушкер атаандашын жыгытып, айлампа бүткүчө ага туруп кетүүгө мүмкүнчүлүк берген жок.

Экинчи айлампада Шевченко күрөштү стойкадан өнөктөшкө өткөрүү менен кынтыксыз артыкчылыкты сактай алды. Таймаштын соңунда соккулар боюнча статистика кыргызстандыктын пайдасына 217-1 деп көрсөттү. Шевченкого каршылык көрсөтүүгө алы кетип калган бразилиялык мушкер утулуп берүүгө аргасыз болду.

Валентина Шевченко өзү үчүн жаңы жеңил салмактагы (57 кг) бул мушташуу биринчиси болуп калды, буга чейин ал жеңил салмакта чыгып жүргөн.

Ал эми бразилиялык Присцилла Качоейра титулу бар кыргызстандыкка каршы UFC уюмуна алгачкы жолу беттешке чыкты. Шевченко менен беттешке чыкканга чейин ал бир да жолу утулуу ызасына кабылган эмес. Ал жалпысынан 8 беттеш өткөрүп бардыгынан тең жеңишке жеткен.

Шевченко — Качоейра беттеши UFC Fight Night 125 турниринин алкагында өтүп, кеченин маанилүү беттештеринин бири болуп калды.

«Присцилла абдан күчтүү мушкер жана аны жакшы келечек күтүп турганына ишенем. Ал ми мен тезирээк титулдук мушташты алууну каалайт элем», — деди Шевченко беттештен кийин.