Араванда төрт жашар бала кудукка түшүп көз жумду

Ош облусундагы Араван районунунда 4-февраль күнү түшкө маал төрт жаштагы бала ойноп жаткан жеринен кудукка түшүп кетип мерт болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз катчысы Элмира Шерипова «Клоопко» кабарлагандай, Аравандагы Уйгур-Абад айылында 4-февраль күнү саат үчтөрдө төрт жаштагы бала өз үйүнүн короосундагы кудукка түшүп көз жумган.

«Төрт жаштагы бала өз короосунда ойноп жатып кудукка түшүп кеткен. Курткаруучулар чакыруу менен кырсык катталган жерге барып, кудуктан жаш баланын жансыз денесин чыгарышкан», — деди Шерипова.

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев «Клоопко» билдиргендей, аталган окуя «кокустук» деп катталганы менен кырсыктын чоо-жайы текшерилет.

«Сегиз метрлик кудукка түшүп кеткен төрт жаштагы баланын өлүмү текшерилип, кородогу кудук эмне үчүн ачык болгону аныкталат», — деди Аширбаев.

Аширбаев кошумчалагандай, текшерүүнүн жыйынтыгында күнөөлүү тарап мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат.


ТЕМА БОЮНЧА: