Сейсмология институту Ош облусунун аймагында 5-февралдын таңында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталганын кабарлады.
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту Оштун Чоң-Алай районунда 5-февраль күнү таңкы саат бештерде жер титирегенин «Клоопко» маалымдады.
Жер силкинүүнүн очогу Чоң-Алай кырка тоосунун аймагында орун алып, күчү 4 баллды түзгөн.
«Чоң-Алай районунун Бар-Дөбө, Сары-Могол,Талды-Суу айылдарында жер силкинүүнүн күчү 2,5 баллга жетти», — деп кабарлады институт.
Ош шаарынан 112 км түштүк-чыгышта катталган жер титирөө шаарда да сезилип, күчү 3 баллды түзгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен «Клоопко» кабарлашкандай, жаратылыш кырсыгында жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.