Ош шаарында эми уй этинин килограммы 315 сомдон сатылат

Ош мэриясы 1 кг уй этинин баасы шаарда 315 сомдон кымбат болбошу керек деп бекитти. Буйрукту аткарбаган сатуучуларга 10 миң сомдон башталган айып пул салынат.

Ош шаарынын бийлиги 2-февралдагы жыйынында уй этин сатуу боюнча бирдиктүү бааны бекитти. Анда уй этинин 1 килограммы 315 сомдон сатылсын деген токтом кабыл алынган.

Монополияны жөнгө салуу агенттигинин Ош шаардык бөлүмүнүн башчысы Кабыл Уметов «Клоопко» кабарлагандай, 5-февралдан тарта мэриянын токтому күчүнө кирди.

«Ош мэриясы менен монополияны көзөмөлдөө агенттиги уй этинин баасын бирдиктүү баага келтирүү үчүн эки уй сатып алып, аны союп, ага кеткен чыгымдардын негизинде эттин баасы 315 сом деп аныктап чыкты», — деди Уметов.

Ал эми этке бааны өз алдынча коюп алган сатуучуларга 10 миң сомдон башталган айып пул салынат.

«Эгерде сатуучулар эттин баасын өз алдынча көтөрүп алса 10 миң сом, ал эми баа көрсөтүлгөн тактайчасы жок болсо 3 миң сом штраф салынат», — деп билдирди Монополияга каршы агенттигинин Ош шаардык бөлүмүнүн башчысы.

Мэриянын басма сөз катчысы Замира Ниязбекова бекитилген бирдиктүү баа шаардагы бардык эт сатуучу жайларга тиешелүү экенин «Клоопко» айтты.

«Шаардагы базарлар, дүкөндөр жана супермаркеттер уй этин мэрия бекиткен баада сатууга милдеттүү», — деди Ниязбекова.

Шаар бийлигинин маалыматына ылайык, этке бирдиктүү бааны аныктоо жашоочулардын нааразычылыгынан улам келип чыккан — алар 1 кг уй эти шаарда 330 сомго кымбаттап кеткенин айтышкан.

Учурда Ош шаарында кой этинин килограммы 320 сомдун айланасында, ал эми 1 кг тоок эти 130 сомдун тегерегинде сатылууда.