Видео: Алайда бир аптадан бери дайынсыз жоголгон мергенчинин сөөгү табылды

Ош облусунун Алай районунда 28-январь күнү аңчылыкка чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон мергенчинин сөөгү Кум-Бел жайлоосунда кар алдынан табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалымат кызматынан билдиришкендей, Алайдагы Октябрь айылынын 50 жаштагы тургунунун сөөгү 5-февраль күнү саат 15:30дарда табылган.

«Дайынсыз жоголгон жаран Кум-Бел жайлоосундагы Ат жайлоо участкасынын аймагында табылган. Маркум кар алдында калганы аныкталды», — деп маалымдады ӨКМнин басма сөз кызматы.

Аңчыны сегиз куткаруучу, райондук милициядан 22 кызматкер жана 70 жергиликтүү жашоочудан турган топ издеп тапкан.

Учурда ӨКМнин кызматкерлери мергенчинин сөөгүн айылына жеткирүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Маркум 28-январда эртең менен Сары-Күнгөй тоосуна аңчылыкка кеткен бойдон дайынсыз болгон.

Аны издөөгө үч күндөн кийин ӨКМнин куткаруучулары, райондук милиционерлер жана жергиликтүү тургундар тартылган.


ТЕМА БОЮНЧА: