Эстен тангыча сабалган наристе үч күндөн бери комадан чыга элек

Ош шаарында энеси сабаган үч жаштагы наристе үч күндөн бери жандандыруу бөлүмүндө комада жатат. Милиция баланын апасына токмоктоо айыбын тагып, эки айга тергөө изоляторуна камады.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Клооптун» кабарчысына сабалган бала дагы деле жандандыруу бөлүмүндө жатканын маалымдады. Врачтар баланын абалын оор деп айтышууда.

«Баланы түтүк аркылуу азыктандырышууда. Аны которууга болбойт, ошондуктан врачтар бишкектик кесиптештери менен кеңешип жатышат», — деди ал.

Врачтар сабалган баланын денесинен токмоктоодон улам калган көгалаларды, ички органдарына залал келгенин жана мээсине кан куюлуп кеткенин аныкташкан.

Ош шаарынын милициясы 4-февралда үч жашар баласын токмоктоду деген шек менен 24 жаштагы келинди кармаган.

Келин үч жашар баласын «бейбаштык» кылып жатканы үчүн кепкир менен сабап салганын мойнуна алган.

Баланын апасына карата «Бейбаштык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.


ТЕМА БОЮНЧА: