Ошто адвокат кардарынын 260 миң сомун «алдап» алганы үчүн бир жарым жылга шарттуу кесилди

Ош шаардык соту жеке адвокатты «алдамчылык» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 1 жыл 6 айга шарттуу кести. Адвокат сот чечимине «макул эмес».

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан маалымдашкандай, 2017-жылдын 3-ноябрында Ош шаардык соту Ж.Т. аттуу жеке адвокатты «алдамчылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 1 жыл 6 айга  шарттуу кескен.

Ош облустук соту 2018-жылдын 4-январында шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, Ош шаардык адвокаттар коллегиясынын мүчөсү шаар тургунун ишеничине кирүү менен юридикалык жардам көрсөтмөкчү болуп, кардарынын 260 миң сом акча каражатын алып алган.

Соттолгон адвокаттын лицензиясын кайтарып алуу боюнча шаардык прокуратура Юстиция министрлигине кайрылган.

Шаардык адвокаттар коллегиясынын төрагасы Немат Катаганов «Клоопко» билдиргендей, соттолгон адвокат шаардык соттун чечимине макул эмес. Катагановдун айтымында, ал Жогорку сотко арыз берүүгө даярданууда.   

Соттолгон адвокат менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.