Ошто түрмөдөн чалып элден акча өндүрүп жүргөн адам кармалды

Түрмөдөн телефон аркылуу адамдарды жалган маалымат менен алдап, 600 миң сомдой акча өндүргөн киши кармалды. Ал акчаны эркиндиктеги 28 жаштагы шериги аркылуу алып турган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан 7-февралда маалымдашкандай, түрмөдө «алдамчылык» боюнча өз жазасын өтөп жаткан 37 жаштагы Мухаметали Абдивапов телефон аркылуу элден акча өндүрүп жүргөн.

Ал адамдарга телефон чалып, жакындары кырсыкка кабылганын айтып, маселени чечүү үчүн тез арада акча керек экенин жана каражатты өзүнүн 28 жаштагы шеригине алып барып беришин айтып турган.

«Кармалган жаран 2017-жылы жаза ѳтѳѳ мекемелеринин биринде жазасын ѳтѳп жатып, жети адамды телефон аркылуу алдаган. Акчаны шериги (аял киши) аркылуу алып турган. Жасаган кылмыштары боюнча тиешелүү далилдер табылды», — деп кабарлашты Ош шаардык милициясынан.

Милициянын маалыматына ылайык, Абдивапов түрмөдө олтурган кезде жети адамдан жалпы 600 миң сомдун тегерегинде акча өндүргөн. Жабырлануучулар аудио жазмадагы үндү таанып, үн боюнча дайындалган экспертиза да Абдиваповго таандык экени аныктаган.

Ош шаардык соту Абдиваповду «алдамчылык» беренеси боюнча 16 жылга эркинен ажыратты. Өтөп жаткан кылмыш мөөнөтүнөн калган 9 жылына 16 жыл кошулуп, анын жалпы абак мөөнөтү 25 жылды түздү.

Шаардык милиция Абдиваповдун 28 жаштагы шеригинин үстүнөн тергөө амалдарын жүргүзүүдө.