Сүрөт: Табылды Кадырбеков/Sputnik

Парламенттин депутаты Камчыбек Жолдошбаев бир апта мурун жумушка маршруттук таксиден түшүп, «Жогорку кеңешке» чейин жөө басып келишкен башка эл өкүлдөрү үчүн уяла турганын билдирген. Жолдошбаев бул маселени жыйында журналисттерди катыштырбай талкуулоону сунуштаган.

Сүрөт: Табылды Кадырбеков/Sputnik«Чынын айтканда, мен уялам, кээбир депутат кыздарыбыз, келиндерибиз жана балдарыбыз жанакы маршруткадан түшүп, жөө басып келишкенинен […]», — деп айткан ал парламентте.

Депутаттын билдирүүсү коомдук тармактардын колдоонучаларынын нааразылыгын жаратып, ал эми КСДПнын депутаты Аида Касымалиева кесиптешинин айткан сөздөрүн айыптап чыккан.

«Биз маршруттук такси менен жүргөнүбүз үчүн уялбайбыз. Тескерисинче сыймыктанабыз. Камчыбек Жолдошбаевдин бүгүн Жогорку Кеңеште айткан сөзүн кескин сындайм. Ал уялбай эле койсун. Коомдук транспорт менен жүргөндөн кемибейбиз, жумушубузга таасир этпейт», — деген ал «Super.kg» порталына курган маегинде.

Камчыбек Жолдошбаев деген ким жана ал кандай активдерге ээлик кылат? Ачык маалыматтардын негизинде айтып беребиз.

Эл өкүлү

Жогорку Кеңештин сайтындагы биографиясында Жолдошбаевдин 1956-жылдын 6-июнунда Нарындын Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу айлында жарык дүйнөгө келгени белгилүү. Заводдо, дене тарбия институтунда мугалим болуп иштеген, спорт клубун жетектеген, ал эми 2005-жылы Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болуп калган.

Жолдошбаев 2015-жылдан тарта кайрадан «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин мүчөсү болуп калган.

Сүрөт: Табылды Кадырбеков/Sputnik

Жолдошбаев чуулуу демилегелери жана аракеттери менен белгилүү: 2011-жылы ага бир нече адам катышкан мушташ үчүн «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон; 2014-жылы көз карандысыз журналист Семетей Талас уулу депутат ага кол салганын билдирген; ал эми 2016-жылы Жолдошбаев өзүнүн фракциясынын жыйынында көп аялдуулукту мыйзамдаштырууну сунуштаган.

«Лексус» турганда жөө басып не керек

Мамлекеттик кадр кызматынын сайтында 2016-жылга карата жарыяланган салык декларациясында Жолдошбаевдин негизги ишинен тышкары кирешеси дээрлик 785 миң (айына 65 миң сомго жакын) сомду түзгөнү көрсөтүлгөн.

Жолдошбаев бери эле дегенде беш ишкананын ээси жана түзүүчүсү болуп эсептелет: мүмкүн, депутаттык мандатты алгандан кийин ал үч Жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК) менен эки Ачык акционердик коомду (ААК) ишеним башкарууга өткөрүп берген. Кыргызстандын Жарандык кодексине ылайык, мүлктү ишеним башкарууга өткөрүп берүү менчик укугун ага өткөрүп берүүнү билдирбейт.

Өзүнүн кирешеси менен активдеринен тышкары, депутат «жакын бир тууганынын да» активдерин көрсөткөн. Ким гана болбосун ал төрт автоунаадан турган кичи автопаркка ээлик кылат: «Тойота Лексус» LS 430 жана RX300, «БМВ» X5 жана «Субару Форестер». «Субаруну» эске албаганда бул автомобилдердин бардыгы — кымбат баалу жол тандабастар.

Бул машиналардын Кыргызстандын базарындагы болжолдуу баалары:

• Төртүнчү муундагы «Лексус» LS — эрте чыккан үлгүлөрү үчүн баалар 11 миң доллардан тарта, ал эми кечирээк чыккандары үчүн 30 миң долларга чейин турат;

• Үчүнчү муундагы «Лексус» RX —  20 миң АКШ доллардан 50 миң долларга чейин турат;

• «БМВ» X5 — 2016-жылкы кроссовер 7 миң доллардан 65 миң долларга чейин турат;

• «Субару Форестер» — 4 миң доллардан 15 миң долларга чейин турат.

Эң эле жөнөкөй эсеп боюнча, бул автоунаалардын жалпы баасы 42 миң долларды түзөт. Ошол эле кезде бул машиналардын ээлеринин декларацияга кирген кирешеси 2016-жылга карата негизги жумуш ордулары боюнча 171 миң сомду түзгөн — бул 2500 миң АКШ долларынан бир аз азыраак.

Кыздары үй-бүлөлүк бизнести башкарат

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Наргиз Жолдошбаева Камчыбековна Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын бири. Фамилиясы, атасынын аты жана фракциянын дал келиши ал Камчыбек Жолдошбаевдин кызы болуп эсептелет деп ойлогонго негиздик берет.

Камчыбек Жолдошбаев — «Беш-Сары» ЖЧКсынын түзүүчүсү — бул Ош базарынын аймагындагы эки чоң соода үйү. Компаниянын жетекчиси — Наргиз Жолдошбаева.

Гулиза Жолдошбаева — депутаттын экинчи кызы болушу ыктымал — ал «Profit Credit Company» кичи насыя берүүчү компаниясын жетектейт. Гулиза Камчыбековнадан тышкары, анын түзүүчүлөрү болуп Камчыбек жана Наргиз Жолдошбаевалар эсептелет. «Profit Credit Company» ошол эле «Беш Сары» соода үйү жайгашкан даректе катталган.

«Беш-Сары» ЖЧКсынын тышкары, Жолдошбаев — кичи мекени Нарын облусунда катталган «Беш-Сары К» компаниясынын да түзүүчүсү. Документтерге ылайык, бул компания таш көмүрүн тыгаруу менен алектенет, ал эми аны Наргиз Жолдошбаева жетектейт.

Бир батир жакшы, ал эми үчөө андан да жакшы

Жолдошбаевдин салык декларациясында кыймылсыз мүлктөн аянты 39,81 чарчы метрди түзгөн болгону бир эле батир көрсөтүлгөн.

Гулиза Жолдошбаева катталган Бишкектеги көп кабаттуу үй.

Салык кызматынын базасындагы маалыматка ылайык, Камчыбек, Гулиза жана Наргиз Жолдошбаевдер ар башка үч даректе катталышкан.

Депутат өзү — 12-кичи райондо, ал эми анын кыздары — Исанов жана Байтик-Баатыр көчөлөрүндө катталышкан.

Гулиза Жолдошбаева катталган үйдө батирледин баасы кыймылсыз мүлк базарында 70 миң доллардан 280 миң доллардын тегерегинде турат. Демек, депутаттын үй-бүлөсү бери эле дегенде үч батирге ээлик кылат.