Жээнбеков күч түзүмдөрүн сынга алды

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында. Сүрөт: Султан Досалиев/президенттин басма сөз кызматы

Сооронбай Жээнбеков өзүнүн президент катары алгачкы Коопсуздук кеңешинин жыйынын күч органдары менен башкы прокуратураны сынга алуу менен баштады. Президент күч түзүмдөрүн коррупция менен «натыйжасыз» күрөш үчүн сынга алды.

Жыйын 8-февралда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү — ал коррупция менен күрөшкө, укук коргоо органдарынын жана көзөмөл ведомстволорунун ишине арналган. Жээнбеков коррупция менен күрөшүүчүлөрдү сынга алды. Анын айтымында, күч түзүмдөрү коррупцияга өздөрү «малынып» калышкан.

Президенттин пикири боюнча, соттор, прокуратура, каржы полициясы, атайын кызматтар жана ички иштер органдары өз милдеттерин «толук кандуу» аткара албай атышат.

Жээнбеков коррупциянын деӊгээлин иликтеген  «Трансперенси интернейшнел» эл аралык уюмунун рейтинги боюнча Кыргызстан 176 өлкөнүн ичинен 136 орунда турганын далил катары келтирди.

«Бир кыйла жакшыруу динамикасына карабай, биздин эл аралык рейтингибиз дагы эле төмөн бойдон калууда.  Биздин позициябызды негизинен сот, укук коргоо жана көзөмөл органдары төмөндөтүп жатышат», — деди президент.

Соттор менен прокуратурага сын пикир

Жээнбеков билдиргендей, башкы прокуратура коррупция менен «натыйжалуу» күрөшө албайт, анткени мамлекеттик органдарда коррупцияны алдын алуу маселесинде дале болсо да бирдиктүү аркет жок.

«Мыйзамсыз жана негизсиз текшерүүлөр көп. Мамлекеттик органдардан жана айыл өкмөттөрдөн текшерүүчү органдар тарабынан бирин-бири кайталаган текшерүүлөр жүргүзүлүп жатканы тууралуу көптөгөн арыздар мага келүүдө. Аларды токтотуу, көзөмөлгө алуу прокуратурага жүктөлгөн», — деди Жээнбеков.

Анын айтымында, 2016-жылы прокуратура сегиз миңден ашуун текшерүү жүргүзүп, анын 8 пайызы боюнча гана кылмыш ишин козгогон.

Жээнбеков сот органдарынын ишин да сынга алды, анткени соттордун көпчүлүгү «атайлап» ишти созгон учурлап көп жана адилеттикке жетпей, узак убакыт бою соттордо жүргөн жарандар көп.

«Эч кандай өкүм чыкпай, айлап-жылдап СИЗОдо жаткандар дагы бар. Алардын өзү эле эмес, үй-бүлөсү кошо жабыркап жатпайбы. Мыйзамда белгиленген убакта же камалып, же акталыш керек да. Адилеттикти камсыз кылат деп эл үмүтүн арткан соттордун өздөрүнө карата акыркы он жылда 97 кылмыш иши козголгон. Алардын жарымы тергөө тарабынан кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган», — деди Жээнбеков.

Жээнбеков эгерде алар мыйзамдарды бузушса соттор менен укук коргоо органдарынын ишине кийлигишүүгө даяр экенин билдирди.

«Камактан оор кылмыш кылгандар бошотулган кыжырды кайнаткан факттар бар. Мында учурда мен көңул кош байкоочу болуп тура албайм. Мыйзамдарды бузгандар, укук коргоо органдарынын кызматкери же судья болобу эч ким жазасыз калтырылбайт», — деп билдирди президент.

Укук коргоо органдары «көмүскө схемаларга тартылган»

Президент билдиргендей, күч түзүмдөрү коррупциянын айынан кылмыштуулук менен «ийгиликтүү» күрөшпөй жатат.

«Уюшкан кылмыштуулук чөйрөсүндө чоӊ өлчөмдөгү акчалардын агымы — укук коргоо жана сот органдарындагы жогорку кызмат адамдарынын катышуусу болбосо, мүмкүн эмес. Күч түзүмдөрүндө коррупция болбосо, криминалдык топтор бул иштерди жасай албайт», — деди Жээнбеков.

Анын айтымында, укук коргоо органдары «көмүскө схемаларга тыгыз байланышканы» жана ар кандай себептер менен кылмыш иштерди козгоп атышканы белгилүү.

Жээнбеков билдиргендей, акыркы эки жылда 76 миңден ашуун кылмыш иши козголгон, бирок бул иштердин 30 пайызы гана сотко жөнөтүлгөн.

«Ошол эле убакта 656 иш кылмыш курамынын жоктугунан кыскартылган. Демек, 656 иш мыйзамсыз козголгон», — деп жыйынтыктады ал.

Президент Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетти комитеттин алдындагы Антикоррупциялык кызматын (АКС) сынга алды — анын айтымында бул бул кызмат «кол тийбестер кастасына» айланып калган.

«2017-жылы АКС кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү багытында болгону 22 пара алуу фактысын аныктаган. Башкача айтканда, орто эсеп менен бир айда бир жарым факты аныкталган», — деди президент.

Жээнбеков алардын ишмердигин «натыйжасыз» деп атап, АКСтын кадрдык курамында турган ар бир кызматкердин ээлеген ордуна туура келээрин карап чыгуу зарылдыгын билдирди.

Кыргызстандагы коррупция

Акыркы сегиз жылда коррупциянын деӊгээлин иликтеген «Трансперенси интернейшнел» эл аралык уюмунун рейтинги боюнча Кыргызстан 176 өлкөнүн ичинен 136 орунга көтөрүлгөн — жалпысынан ага 176 өлкө катышат.

Бийлик алмашкандан кийин 2011-жылы келген президент Алмазбек Атамбаев коррупция менен күрөштү өз саясатында артыкчылык берилген багыт деп билдирген.

Ошондон бери саясатчыларга, депутаттарга жана жогорку деңгээлдеги аткаминерлерге бир катар кылмыш иштери козголгон.

Негизинен, коррупцияга айыптоо боюнча эң чоң кылмыш иштери Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевге, мурдагы оопозициячыл депутаттар Ахматбек Келдибеков жана Өмүрбек Текебаевдерге каршы козголгон.

Бирок укук коргоочулар күнүмдүк турмуштагы жана системалык коррупция сакталып келатканы, ал эми саясатчыларга каршы кылмыш иштери бийликтин оппоненттерине каршы козголуп атканы үчүн азырга чейин бийликти сынга алып келишет.