Апасы сабаган үч жашар баланын абалы жакшыра элек

Ош шаарында беш күн мурун апасы кепкир менен сабаган үч жашар баланын абалы жакшыра элек. Наристе жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылды.

Ош облустук балдар ооруканасынын реаниматологу Давранбек Шакиров «Клоопко» билдиргендей, 4-февралда комага түшүп реанимацияга жаткырылган үч жашар баланын абалында жылыш жок.

«Баланын абалы дагы эле оор бойдон калууда. Анын дем алуусу начарлап, 7-февраль күнү кечке маал жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган», — деди Шакиров.

Реаниматолог кошумчалагандай, сабалган балага түтүк аркылуу тамак берилүүдө.

Ош шаарынын милициясы 4-февралда үч жашар баласын токмоктоду деген шек менен 24 жаштагы апасын кармаган. Ал баласын «бейбаштык» кылып жатканы үчүн кепкир менен сабап салганын мойнуна алган.

Облустук балдар ооруканасынын дарыгерлери сабалган баланын денесинен көгалаларды, ички органдарына залал келгенин жана мээсине кан куюлуп кеткенин аныкташкан.

Баланын апасына карата «Бейбаштык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына эки айга камакка алынган.


ТЕМА БОЮНЧА:
Ошто үч жашар баласын эстен тангыча сабаган келин кармалды