Карта: Ош шаарынын борбордук бөлүгүндө үч күн газ болбойт

Ош шаарынын Монуев, Масалиев жана Асранкулов көчөлөрүндө 9-12-февраль күндөрү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу газ берүү токтотулат.

«Газпром Кыргызстан» ишканасынын маалымат кызматынан «Клоопко» кабарлашкандай, Ош шаарынын Монуев, Масалиев жана Асранкулов көчөлөрүндө 9унан 12-февралга чейин газ берүү токтотулат.

Ишкананын маалыматына ылайык, аталган көчөлөрдө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жаратылыш газын берүү үзгүлтүккө учурайт.

Газ үч күнгө өчүрүлгөн көчөлөрдө «Газпром Кыргызстандын» 3200 абоненти бар.