Аксыда төрт кишини машина менен сүзгөн милиционер эки айга камалды

Аксынын Кербен шаарында төрт кишини машинасы менен коюп кеткен милиционер эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жол кырсыгында эки киши мерт болгон.

Кербен шаарында төрт кишини сүзүп кеткен милиционер убактылуу кармоочу жайга 10-февралда киргизилди.

Айдоочуга карата «транспорттун коопсуз иштөөсүн камсыздоочу эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголгонун Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков «Клоопко» маалымдады.

«Кармалган айдоочу Аксы райондук ИИБнин кызматкери. Ал ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу жайына эки айга камакка алынды», — деди Турдубеков.

Аксы райондук аймактык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Нурмамат Наралиев аман калгандардын бирине операция жасалганын «Клоопко» билдирди.

«Бирөөсү баш мээсинен катуу жабыркаган. Ага 11-февралда операция жасалды. Анын абалы оор бойдон калууда», — деди дарыгер.

Наралиев кошумчалагандай, жол кырсыгына кабылган экинчи киши бейтапканада медицианалык жардам көрсөтүлгөн соң үйүнө чыгарылган.

Окуя ушул жылдын 10-февралында Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында жүз берген. Анда «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү жеңил автомобили менен бараткан милиционер жолдун четинде бараткан төрт кишини сүзүп кеткен.

Кырсыктан эки киши жеринде мерт болуп, дагы экөө ооруканага жаткырылган. Жол кырсыгына кабылгандар Кербендеги №52 Мамай орто мектебинин мугалимдери болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: