Апасы сабаган үч жашар бала каза тапты

Ошто апасы кепкир менен сабагандан соң ооруканага түшкөн үч жашар бала 11-февралдын түнүндө каза тапты. Баланы сабады деп шектелген 24 жаштагы келин эки айга камакка алынган.

Кабар саат 16:15те жаңыланды

Апасы кепкир менен сабаган үч жашар наристе 11-февраль күнү кечинде чарчап калганын Ош облустук ооруканасынын дарыгери Жыргал Кадыров «Клоопко» маалымдады.

«Баланын баш мээси оор зыян тартып, мээ комада калгандыктан ымыркай өзүнө келбей көз жумду. Учурда баланын сөөгүн алып кеткени жакындары келе элек», — деди Кадыров.

Үч жашка чыга элек бала Ош облустук ооруканасына 4-февраль күнү жеткирилген. Беш күндөн соң абалы начарлай баштаган бала жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Ош шаардык милициясы 4-февраль күнү баласын токмоктоду деген шек менен апасын, 24 жаштагы келинди кармаган.

Баланын апасына «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, Ош шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына эки айга камакка алынган.

Ош милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» кабарлагандай, «Бейбаштык» беренеси «Адам өлтүрүү» беренесине өзгөртүлдү.

Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Чотбаева баланын сөөгүн берүү үчүн таятасы менен байланышканын «Клоопко» билдирди.

Таятасы ымыркайдын сөөгүн көмүүдөн баш тартып, «ооруп жатканын жана келе албасын» айткан. 

Наристенин сөөгүн башкармалыктын кызматкерлери Сулайман-Тоонун жанындагы көрүстөндө жерге берген.

Авторлошу: Айгерим Ырысбек кызы


ТЕМА БОЮНЧА: