Онкология борборунда аялдардын жыныс системасын дарылаган жалгыз аппарат бузулуп калды

Улуттук онкология борбору аялдардын жыныс системасындагы шишиктерди дарылоо үчүн жалгыз аппарат бузулуп калганын билдирди. Адистерге керектүү тектиктерди алып келип, бузулууну оңдоо үчүн бир ай керектелет.

Саламаттык сактоо министрлигинин (ССМ) басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Клооптун» кабарчысына маалымдагандай, аппарат жараксыз болуп, тектиктин айынан бузулуп калган.

ССМ брахитерапиялык аппаратты 2016-жылы аялдардын жыныс системасындагы шишиктерди дарылоо үчүн 32 млн сомго сатып алган.

«Бузулган тетик жаңысына алмаштырылат, ал Орусиядан алынып келинет. Буга бир ай кетет. Тилекке каршы, ушул түрдөгү илдети бар оорулууларды даарылаган жалгыз аппарат», — деди Айгерчинова.

Анын айтымында, ССМ аппарат бузулуп калганы үчүн кечирим сурап, жаралган кырдаалга «түшүнүү менен мамиле кылууну» суранган.

Аппаратты учурда Бишкекке келишкен Мосванын инженерлери оңдошот.


ТЕМА БОЮНЧА: