Ош: Тойдо тамак-аштан он киши ууланды

Ош облусунун Присавай айылында он киши тойдогу тамак-аштан ууланып, Кара-Суу райондук ооруканага түштү. Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптардын абалын орто деп баалоодо.

Кара-Суу районундагы аймактык ооруканага 12-февраль күнү тамак-ашка ууланып тогуз адам кайрылганын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Клоопко» билдирди.

Басма сөз катчынын айтымында, 13-февраль күнү ооруканага уулануу белгилери менен дагы бир киши келген.

«Учурда Кара-Суу райондук ооруканасында он адам, анын ичинде төрт жаш бала дарыланып жатат. Абалдары орто», — деди Айгерчинова.

Бейтаптар 11-февраль күнү Присавай айылына туугандарынын тоюна барышкан. Уулануунун белгилери 12-февралда байкала баштап, ооруканага кайрылышкан.

«Алар шербеттен ууланган деп болжолдонууда. Тойдогу кайсыл азыктан ууланышканы экспертизанын жыйынтыгынан соң билинет», — деп кошумчалады Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы.


ТЕМА БОЮНЧА: