Бабановдун мурдагы кеңешчиси президенттин парламенттеги өкүлү болуп дайындалды

Курманбек Дыйканбаев. Сүрөт: «Азаттык»

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын январына чейин Өмүрбек Бабановдун кеңешчиси болгон Курманбек Дыйканбаевди өзүнүн парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындады.

Президент Дыйыканбаевдин дайындалышы боюнча жарлыкка 14-февралда кол койду. Буга чейин өлкө башчысынын ыйгарым укуктуу өкүлү Молдакун Абдылдаев болчу.

Дыйканбаев 2018-жылдын 19-январына чейин мурдагы президенттикке талапкер жана «Республика — Ата Журт» фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабановдун коомдук башталыштагы кеңешчиси болгон.

Буга чейин Дыйканбаев 2011-2015-жылдар аралыгында «Республика» фракциясынан парламенттин V чакырылыштагы депутаты болгон.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодо бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандаштарынын бири болгон. Натыйжада Бабанов шайлоодон утулуп калып, чет жактан «дарыланам» деп түшүндүрүп, өлкөдөн чыгып кеткен.

Ошондон кийин башкы прокуратура «улуттар аралык кастыкты козутуу чакырыктары» үчүн Бабановго каршы кылмыш ишин козгогон.

Саясатчы кылмыш ишин «укук коргоо органдары тарабынын ээн баштыгы» деп атап, өзүнүн саясаттан кетип жатканы боюнча билдирген. Ал өзүнүн депутаттык мандатынан жана «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидерлик кызматынан баш тарткан.