Жогорку кеңеш интернетте алкоголду жарнамалоого биротоло тыюу салды

Парламенттин депутаттары үчүнчү окууда интернетте алкоголду жарнамалоого тыюу салуу боюнча өзгөртүүнү кабыл алышты. Алкоголду жарнамалоо эрежесин бузуу үчүн 10 миң сомдон 70 миң сомго чейин штраф салынат.

Парламентарийлер 15-февралдагы жыйында интернетте алкоголду жарнамалоого тыюу салууну жактырышты.

Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров талкуу чурунда тыюу салуу kg домендик аймагындагы сайттарга гана тиешелүү экендигин билдирди. Анын айтымында, интернетте эки миңден ашуун сайт катталган.

Өзгөртүүлөргө ылайык, сайтарды мониторинг кылууну Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттик колго алат.

Өзгөртүүлөрдү экономика министрлиги демилгелеп чыккан — өзгөртүүлөрдүн авторлору интернетте алкоголду жарнамалоого тыюу салууну «жашы жете электерди коргоого» алуу максатында деп негиздешкен.

Алар интернетте алкоголду жарнамалоого тыюу салуу «жалпысынан элдин алкоголго берилүүсүн азайтат жана дени сак коомду түзүүгө өбөлгө болот» деп эсептешет.

«Алкоголдун таасири алдында өспүрүм интеллектуалдык жана эмоционалдык жактан зээнсиз болуп калат. Жашы жетпеген өспүрүмдүн мээси алкоголго бат көз каранды болот», — деп айтылат долбордо.

Жаңы эрежелерди бузгандарга 10 миң сомдон 70 миң сомго чейин штраф салынат.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр президент Сооронбай Жээнбеков кол койгондон кийин күчүнө кирет.


ТЕМА БОЮНЧА: