УКМК Талант Исаев «тыңшоого» алынганы үчүн иликтөө баштады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ИИМдин атайын күзөт башкармалыгынын мурдагы башчысы Талант Исаевдин «тыңшоого» алынганы боюнча окуяны текшерүүгө киришти. Ал тыңшоочу түзмөктү Бишкектин кафелеринин биринде тапканын айткан.

УКМКдан «Клооптун» кабарчысына учурда мекеме Исаевдин тыңшоого алынганы боюнча фактыны текшерип жатканын тастыкташты. Иштин материалдары УКМКга башкы прокуратурадан түшкөн.

ИИМдин атайын күзөт башкармалыгынын мурдагы башчысы Талант Исаев тыңшоого алынган окуя 8-февралда ал «Обама» кафесинде депутат Каныбек Иманалиев менен жолугушуп жаткан учурда болгон.

«Мен видеону талап кылдым. Көрсө тыңшагычты бизди тейлеген официант тиркеп кеткен экен. Менин тааныштарым милицияга кайрылышты», — деп билдирген Исаев «24.kg» басылмасына.

Анын айтымында, «аны көптөн бери аңдып жүрүшөт» — Исаев соттолгон эл өкүлү Канатбек Исаевдин бир тууганы болуп эсептелет.

ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов 9-февралда «Азаттык» үналгысына курган маегинде сурактан кийин кафенин официанты тыңшоочу түзмөктү орнотконун мойнуна алганын билдирген.

Кафенин администрациясы Исаев отурган столго түзмөктү башка кардар орнотуп кеткенин билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: