Экономика министрлиги «коомчулуктун реакциясынан» кийин Новиков үчүн кыргыз тили мугалиминен баш тартты

Экономика министрлиги өз кызматкерлери жана министр Артем Новиков үчүн кыргыз тилин үйрөтө турган мугалимден баш тартты. Министрликте мындай чечимди «коомчулуктун биржаксыз реакциясынын» айынан кабыл алышты.

Экономика министрлигинин басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, тендердин жыйынтыктары 15-февралда жокко чыгарылган.

«Тендерди жокко чыгарууга туура келди, анткени көптөгөн кыргызстандыктарды министр жана мекеменин кызматкерлери кыргыз тилин мамлекекеттин эсебинен үйрөнө тургандары наарызы кылган», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Экономика министрлигинен Новиков же мекеменин кызматкерлери кырыз тилинен сабак берген мугалимдин акысын өз чөнтөгүнөн төлөп же төлөбөй тургандары боюнча тактап беришкен жок.

Экономика министрлиги 12-февралда өз кызматкерлерин тестирлөөгө даярдоо үчүн үч айдын аралыгында кыргыз тилин үйрөтүүгө тендер жарыялашкан.

Эртеси күнү 13-февралда экономика министрлигинен «Азаттык» үналгысына кызматкерлер менен министр Новиковго тендердин жеңүүчүсү деп табылган Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга караштуу окуу борбору сабак берээрин маалымдашкан.  

Новиковго мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер-министр Олег Панкратовго тил үйрөткөн мугалим сабак бере турганы айтылган.

Новиковдун үч айлык окуусуна 36 миң сом, ал эми кызматкерлерге 288 миң сом жумшоону пландашкан.

2017-жылдын ноябрында премьер-министр Сапар Исаков токтомго кол койгон, ага ылайык, 2019-жылдан тарта бардык мамлекеттик ызматкерлер кыргыз тилин баштапкы дэңгээлде билүүлөрү керек болгон.

Парламенттин депутаттары айрым аткаминерлер менен оздөрүнүн Жогорку Кеңештеги кесиптештерин мамлекеттик тилди билбегендиктери үчүн сынга алышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: