Бишкектин клубунда кийимсиз бийлеген диджей кыз беш суткага камалды

Украиналык диджей кыз Юлия Михайлова Бишкектеги «Ретро-Метро» клубунда кийимсиз бийлегени үчүн беш суткага камакка алынды. Милиция клубдун администраторуна 1,5 миң сом штраф салып, сегиз сааттык коомдук жумушка тартты.

Бишкек милициясы Михайлованы 21-февралда камакка алды. Диджей кызды кармоого анын «Ретро-Метро» клубунда ачык төшү менен бийлегени негиз болгон. Милиция украиналык дижджейди «майда бейбаштык» кылган деп тапты.

«Биринчи май райондук соту 21-февралда майда бейбаштык кылганы үчүн кызды беш суткага камоо, ал эми администраторго 1,5 миң сом штраф салып, аны сегиз сааттык коомдук жумушка тартуу токтомун чыгарды», — деди Бишкек ШИИБинин басма сөз катчысы Адыл Оморов.

Михайлованын фотосүрөттөрү коомдук желелерде 18-февралда пайда боло баштаган — колдонуучулар «Ретро-Метродогу» кечеде кийимсиз бийлеген диджей кыздын сүрөттөрүн жарыялашкан.

Ничего особенного, просто диджей в бишкекском Ретро-Метро играет. Вернее отжигает)

Posted by Майкл Бекмамбетов on Saturday, February 17, 2018

Диджейдин пультунда кийимсиз бийлеген бир эркек бала да болгон. Ага кандай чара колдонулганы боюнча маалымат жок.

Михайлованын сүрөттөрү тарай баштагандан кийин милиция текшерүү жүргүзүүгө киришкен.