Кыргыз парламентинин депутаттары үчүнчү окууда аткаминерлер менен байланыштуу компанияларга мамлекеттик сатып алууларга катышууга тыюу салган өзгөртүүлөрдү кабыл алышты. Учурда тендерлерге компанияларда акциялардын 20 пайыздан азына ээ болгон аткаминерлер катыша алат.
Эмне болгон?
Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекеттик аткаминерлер, муниципиалдык кызматкерлер же алардын туугандарынын акцияларынын үлүшү бар компанияларга тендерлерге катышууга тыюу салышты.
Тендерге катышып жаткан компанияда акциясы бар аткаминер же анын тууганы автоматтык түрдө афффилирленген жак болуп таанылат.
Эгерде аткаминер компанияда акциялардын 20 пайыздан азына ээ болсо, анда бул компания мамлекеттик сатып алууларга катыша алат.
Мыйзам ага президент Сооронбай Жээнбеков кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Бул эмне үчүн маанилүү?
Эгерде мыйзам күчүнө кире турган болсо анда тендердин катышуучулары бирдей шарт түзүлүп калат. Өзгөртүүлөрдүн демилгечилери — парламенттин депутаттары аткаминерлер менен мамлекеттик кызматкерлер эгерде компанияда жок дегенде эле бир акцияга ээ болсо тендердин жыйынтыгына таасир эте алышат деп эсептешет.
Ошондой эле, жаңы жобо кызыкчылыктар кагылышынан кутулууга жардам берет. Авторлор аткаминердин жеке кызыкчылыгы өзүнүн кызматтык милдеттерининин аткарылышына таасир этет деп эсептешет — бул бюджеттик каражаттардын натыйжасыз пайдаланышына алып келиши мүмкүн.
Өзгөртүүлөрдүн авторлорунун пикири боюнча, мамлекеттик сатып алуулар тармагы Кыргызстанда өтө эле коррупциялашкан чөйрө болуп кала берүүдө. Дал ошо тендер өткөрүүдө аткаминерлер көптөгөн эрежелерди бузушууда.
2016-жылы прокуратура органдары аткаминерлер мамлекеттик сатып алууларда кылышкан эреже бузуулардын айынан 660 эскертүү (бул чара көрүү актыларынын жалпы санынын 26,5 %) чыгарышкан.
Аткамнерлер менен байланышкан компаниялар тендерлерге канчалык көп катышат?
2014-жылга чейин тендерлерге аткаминерлердин туугандары ээлик кылган компаниялар жигердүү катышышкан.
Мисалы, Тайырбек Сарпашевдин биртууганына таандык «Градиент» компаниясы 20га чукул мамлекеттик тендерди жеңип алган. Сарпашев анда биринчи вице-премьер министрлик кызматты ээлеп турган.
Айрым депутаттар ал компания тендерлерди утуп алып турушу үчүн Сарпашев өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен жардам берип жатат деп эсептешкен. Ал эми Сарпашев өзү компанияга эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.
Бирок прокуратура текшерүүдөн кийин Сарпашев бул компаниянын түзүүчүлөрүнүн катарында болгонун аныктаган. Көзөмөл органы премьер-министрге эреже бузууну жоюу боюнча көрсөтмө берген. Ошол кезде өкмөттү жетектеген Жоомарт Оторбаев Сарпашевге эскертүү берген.
Осмонбек Артыкбаевдин туугандары ээлик кылган «Неман-Фарм» компаниясы 260 млн сомдон ашуун каражатка мамлекеттик мекемелерге дары-дармектерди камсыздоо боюнча тендерди утуп алган. Артыкбаев ал учурда энергетика министри болгон.
Ошондон кийин парламентарийлер аткамнерлерге жана алардын жакын бир туугандарына (ата-энелерине, балдарына, агаларына, эжелерине, аялдарына) таандык компанияларга тендерге катышууга тыюу салган мыйзамды кабыл алышты.
Бирок, эгерде аткаминер же анын жакын бир тууганы компанияда акциялардын 20 пайыздан азына ээ болгон болсо, бул фирма тендерге катышууга укуктуу болгон.