Парламент батирлерди мейманкана катары берүүгө биротоло уруксат берди

Парламенттин депутаттары үчүнчү окууда батирлерди мейманкана катары берүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун жактырышты.

Эл өкүлдөрү 22-февралдагы жыйында Турак жай кодексинен көп батирлүү үйлөрдөгү турак жайларды мейманкана катары берүүгө тыюу салган жобону алып салышты.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Дастан Бекешев «Клооптун» кабарчысына курган маегинде, көп батирлүү үйлөрдүн жашоочулары мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин өз батирлерин мейманкана катары берүүгө укуктуу болуп калышаарын айтты.  

Депутат эгерде ижарачылардын үстүнөн кошуналардан тынчтык бузулуп жатканы үчүн арыз түшсө — алардын күнөөсүү далилденет — ошондо батирлердин ээлери жоопкерчиликке тартылышаарын кошумчалады.

«Эгерде кошуналар ижарага берилип жаткан батирлерге жеңил ойлуу кыздар келип жатканы үчүн арызданышса, анда бул алардын тынчтыгын бузат. Башында батир ээлерине кат жүзүндө эскертүү берилет. Эгерде арыздануулар уланса, анда штраф салынат», — деди депутат.

Башында мыйзам долбоорунун демилгечилери батирлерди мейманкана катары берүүгө туристтик аймактарда гана уруксат берүүнү каалашкан, бирок, мыйзамда бул аймактар аныкталбаганы үчүн, жобону толугу менен алып салышты.

«Башында долбоордо батирлерди мейманкана катарында туристти аймактарда гана берүүгө мүкүн деп айтылган. Бирок, эми бардыгы алынууда, биз бардыгына уруксат беребиз. Бизде эмне мейманканалар азбы? Адамдар ал жакка барып, жашай беришсин. Биз мындай жол менен шаарларды көмүскө жайларга айлантып салмай болдук», — деп нааразы болду мыйзам долбоорун талкуу учурунда Кожобек Рыспаев.

Мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр ага президент Сооронбай Жээнбеков кол койгондон кийин күчүнө кирет.


ТЕМА БОЮНЧА: