Ош шаарынын Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатынын түптөлгөнүнө 70 жыл болду. Чарбага өз өмүрүнүн 43 жылын арнаган Тажи Турсункулова жумушу, гүлдөргө кандай мамиле кылаары жана өсүмдүктөргө кантип байланып калганы туурасында «Клоопко» айтып берди.

Тажи Турсункулова 62 жашта. Ал Ош шаарындагы Озгур айылында жашайт. Анын күнүмдүк турмушу гүлдөр менен өтөт. Ал 1975-жылдан бери шаардын борборунда жайгашкан Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатынын күнөсканасында гүл өстүрүп келет.

Айлыгынын аздыгына карабастан, жумушуна болгон сүйүүсүнөн улам пенсияга чыкса да иштеп жатканын айтат. Анткени гүлдөр менен иштегенде Тажи апанын чарчаганы жазылат.

«Ушунча жылдан бери көптөгөн башка жумуштардан сунуш түштү. Айлык акыны көтөрүп беребиз дегендер да болду. Бирок, мен бул жумуштан эч качан кетпейм. Пенсияга чыксам да иштеп келе жатам. Гүлдөргө байланып калганымдан улам, үйдө дем алыш күндөрү жумуш жасап, үй тиричилигинен аябай чарчап калам. Жумушума келип кадимкидей эс алам», — дейт ал.

Кыштын ызгаар суугуна карабай күнөскананын ичинде жаз. Анда ачылган гүлдөргө Тажи апа өзүнчө мамиле кылат. «Гүлдөрдүн уруктарын курт-кумурскалардан, жаман чөптөрдөн арылтуу максатында дарылап турабыз. Анан гүлдөр жаш балага жасалчу мамилени талап кылышат, — деп токтолду Тажи апа, — урук чыкканча кечке температураны текшерип карап турам. Анан тегиз чыга баштаса сүйүнүп ырдап калам».

Күнөсканада колдонулган топурактар эленип, себилгенден сырткары лабораторияда маал-маалы менен текшерилип турат. Эгер суу куюлбай калса, кыска мөөнөттүн ичинде кургап кетет, көп куюлуп кетсе чирип кетет. «Ошол үчүн аябай кылдаттык менен карайбыз», — дейт чарба кызматкери.

Мектепти аяктагандан кийин дарыгер болгусу келген Тажи апа агрономдук кесипти аркалап калганына өкүнбөйт. Ал болочок өмүрлүк жолдошу менен дал ушул чарбада таанышкан.

Тажи апанын жолдошу Жаанбай Турсункулов Жашылдандыруу чарбасынын башкы агроному. Жубайлар мындан 40 жыл мурун баш кошушкан. Биргеликте үч кыз, бир уулду тарбиялап чоңойтушту.

«Жолдошум экөөбүз таанышкандан бери жашообузду гүлдөр менен байланыштырабыз. Эгер жолдошум мага гүл белек кылса, эң өзгөчө белек болот. Гүлдөрдүн кандай гана түрүн тартуулабасын баарын сүйүнүп кабыл алам. Ар бир гүлдүн өзүнчө касиети бар», — дейт Турсункулова.

Жашылдандыруу чарбасында 14 кызматкер 50гө жакын гүлдүн түрүн өстүрөт. Жыл сайын гүл уруктары Чехиядан алынып келинсе, бул жылы Швейцариядан алдырылган.

«Гүлдөрдү урук кезинен бапестеп ар бирин пластик жана кагаз стакандарга отургузуп, суугарып, гүлдөр ачылганда шаарга тигүүгө жиберебиз. Кийин башкасы эгилген жерден тебелеп-тепсеп, же үзүп аяр эмес мамиле жасаса жүрөк ооруп, капа болосуң», — дейт пенсионер.

Гүл уруктарын сатып алууга 2018-жылы 700 миң сом бөлүнгөн. Бул каражатка быйыл шаар боюнча 2 млн гүл көчөтү тигилмекчи.

«Бизде азыр үй шартында өстүрүлүүчү гүлдөрдөн герань, алоэ, пеларгония бар. Ал эми гүлдөрдөн болсо, бархатцы, вербена, салвия, виола сыяктуу гүлдүн түрү өстүрүлөт. Биз өстүргөн гүлдөр мэриянын алдынан баштап, парктарга чейин тигилет», — деди Турсункулова.

Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдары бул күнөскана бузулуп кеткенин эстеди. Анда Тажи апа парк жана гүлбактарда жумушун улантууга аргасыз болгон.

«Эсимде, Советтер союзу ыдырап, Кыргызстан жаңы эгемендүүлүккө жетишкен мезгилде күнөсканалар бузулуп кеткен. Анан азыркы башчыбыз корей стилиндеги күнөсканаларды курду, жетпеген жерге суу чыгарып берди. Мен да көңүлүм көтөрүлүп, жандана түшкөм», — дейт ал.