Жалал-Абаддагы арканын жанына этнопарк куруу демилгеси көтөрүлдү

Этнопарктын макети / Сүрөт: Сузак райондук администрациясы

Сузак райондук администрациясы Жалал-Абад шаарынын аркасынын алдына этнопарк куруу үчүн 24 млн сомдук долбоор сунуштады. Сунушту облустун өнүктүрүү фонду жакынкы күндөрү карашы күтүлүүдө.  

Сузак райондук администрациясы Жалал-Абад шаарынын аркасын улай этнопарк куруу үчүн облустун өнүктүрүү фондуна 24 млн сомдук долбоор сунуштады. Бул тууралуу Сузак районунун акими Эрмек Омошев «Клоопко» маалымдады.

«Долбоорго ылайык, этнопарк 150 сотик аянтка курулат. Ал жакка эс алуу аллеясын, унаатоктотуу жайын жана туризм борборун салуу пландалган», — деди Омошев.

Омошевдин айтымында, 24 млн сомдук долбоорго Курманбек баатырдын эстелигин оңдоп-түзөөдөн өткөрүү да кирет.

Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондусунун аткаруучу директору Абдырахман Осмонов этнопарк тууралуу билдирме 1 ай мурда түшкөнүн «Клоопко» билдирди.

«Этнопарк куруу боюнча сунушту облустук өнүктүрүү фонду жакынкы 2-3 күндө карап чыгып, байкоочу кеңештин чечимине жиберет. Байкоочу кеңеш долбоорду колдоого алса фонд тендер жарыялайт», — деди Осмонов.

Осмонов тендерде долбоордун баасы 24 млн сомдон азыраак болушу ыктымалдыгын кошумчалап, долбоор колдоо тапса тиешелүү каражатты Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду бөлөөрүн билдирди.

Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна каражат облус аймагындагы шаар жана райондордогу кен байлыктарынан келип түшөт. 2017-жылы аталган фондго 38 млн сом каражат топтолгон.