Депутат Фархат Иминов мандатын тапшырды

Фархат Иминов парламенттин жыйынында

«Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Фархат Иминов өз мандатынын мөөнөтү аягына чыкканга чейин эле ыйгарымдарын токтотту. Азырынча Иминовдун ордуна парламентке ким клээри белгисиз.

Ысымын атоодон баш тарткан Иминовдун кабылдамасында иштеген кызматкерлердин бири «Клооптун» журналистине Иминов мандатын тапшырганы боюнча маалыматты тастыктады. Ал бул анын «жеке чечими» болгон деп айтып, отставканын себебин билдирген жок.

Азырынча анын ордуна ким келээри белгисиз. 2-март күнү депутаттын жардамчысы Максат Алымбеков фэйсбукта Иминовдун кайрылуусун чыгарган, анда парламентарий кетип жатканын «саясий эмес» деп атаган.

«Бул саясий эмес менин жеке жашоомо байланыштуу чечимим. Бул чечимди чын жүрөктөн кабыл алдым», — деп айтылат кайрылууда.

Иминов депутат болуп турган кезде «Республика — Ата-Журт» фракциясынан бюджет жана каржы боюнча комитетке кирген. Ал эми 2008-2012-жылдары Бишкек шаардык кеңешинде депутат болгон. 2005-2012-жылдар аралыгында жеке компанияларда жетекчилик кызматтарды аркалаган.

2017-жылдагы президенттик шайлоо учурунда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун каршылаштары Иминовду Казакстандын жогорку кызматтагы аткаминерлери менен жолугушуп, Кыргызстанда толкундооолорду «чыгарыш» үчүн алардан «чек араларды» жабууну суранышы ыктымал деп айыптап чыгышкан.  

Иминов айыптоолорду «калп» жана «чагым» деп атаган. Депутат өзүнүн ачык катында Бабановдун каршылаштары «анын өзүн жана үзөңгүлөштөрүн каралоо максатында сандырак шылтоолорду ойлоп чыгышууда» деп билдирген.