ТИМ: АКШдан Чеченстанга ташылган курал аткезчилиги үчүн шектелген мурдагы элчинин баласы үй камагында

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлагандай, АКШ соту кармалган кыргызстандык Тенгиз Сыдыковду үй камагына алуу чечимин чыгарган. Сыдыков менен Элдар Резванов 26-февралда аткезчилик боюнча шектелип кармалышкан.

ТИМ билдиргендей, Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчилигине Америка бийлигинен Тенгиз Сыдыков курал аткезчилиги боюнча шек менен үй камагына алынганы туурасында билдирүү түшкөн. Министрликтин маалыматына ылайык, Сыдыковдун иши боюнча сот 1-мартта өткөн.

Бул иш боюнча шектелип жаткандардын дагы бирөөсү Элдар Резванов 7-мартка чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу  «Азаттык» үналгысы Виржиния штатындагы Александрия шаарынын сот кеңсесине таянып билдирген.

Американын ЖМКлары 28-феваралда Чеченстанга ташылган курал аткезчилигине шектелген эки адамдын кармалышы боюнча кабарлашты. Башында аларды жаңылып чечендиктер деп кабыл алышкан, бирок кийинчерээк кармалгандардын экөөсү тең Кыргызстандын жарандары экени белгилүү болгон. Алар 28 жаштагы Тенгиз Сыдыков жана 27 жаштагы Элдар Резванов.

АКШнын юстиция департаментинин сайтында жайгашкан документке ылайык, Сыдыков жана Резванов ажыратылган 100 даана куралдарды сатып алышып, аларды лицензиясыз Чеченстанга жөнөтүүгө аракет жасашкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, алар аткез товарды жасалма документтер менен ашкана буюмдары катары көрсөтүп жөнөтүүгө аракет кылышкан.

Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси жана ResPublica гезитинин редактору Замира Сыдыкова бир нече басылмаларга алардын бирөөсү анын баласы Тенгиз экенин билдирген. Бирок Сыдыкова Тенгиздин курал аткезчилигине байланышын четке кагып, баласы АКШда IT-компаниялардын биринде иштеп жүргөн деп кабарлаган.

Анын айтымында, өз баласынын досу болуп жүргөн Элдар Резвановдун батиринде полиция тинтүү жүргүзгөн. Тенгиз мурда бул батирде Элдар менен чогуу жашаган, бирок бир жыл мурда ал жактан көчүп кеткен.

Сыдыкова кошумчалагандай, Элдар — Казакстандын жараны, бирок ал АКШда эмне иш кылып жүргөнү ага белгисиз.


ТЕМА БОЮНЧА: