Бишкектин эски аянтындагы Жогорку соттун имаратынын алдында «сатылма сотторго» каршы 200гө чукул адам чогулду. Алар башкы прокурордун, судьялардын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчисинин отставкасын талап кылышты.

В Бишкеке у здания Верховного суда проходит митингЛюди выступают против судов, выполняющих «политический заказ»

Posted by Kloop on Sunday, March 4, 2018

Митинг 5-мартта саат 10:00дө Бишкектеги Жогорку соттун имаратынын алдында башталды. Акциянын катышуучулары сотторду «саткынчылыкка» айыпташып, сот жана укук коргоо системасындагы коррупцияга каршы чыгышты.

Алар башкы прокурор Индира Жолдубаеванын, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын жана УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин отставкасын талап кылышты.

Митингдин уюштуруучуларынын бири жана укук коргоочу Рита Карасартова билдиргендей, митингдин катышуучулары президент Сооронбай Жээнбековду, негизинен анын Коопсуздук кеңешинин жыйынында айткан сөздөрүн колдошот. Анда өлкө башчысы күч түзүмдөрүн, прокурорлорду жана сотторду сынга алган.

Укук коргоочу Калича Умуралиева кабарлагандай, башкы прокурор тарабынан «соттордун ээнбаштыгына реакция» болбой жатат. Анын пикиринде, Жолдубаева кызматтан кетмейинче «коррупция гүлдөгөнүн» улантат.

«Мыйзам боюнча судьяга каршы кылмыш ишин башкы прокурор гана козгой алат [...] Башкы прокуратура — функционалдык милдеттери боюнча коррупция менен күрөшө турган атайын институт», — деди Умуралиева.

Укук коргоочу Чолпон Жакупова судьяларды «башкы мыйзам бузуучулар» деп атады.

«Судьялар менен прокурорлорго уят болушу керек, силер юристтердин кесибин дискредитацияладыңар. [...] Бизди 5 күн ызгаар суукка тоңдурдуңар. Анткени бийликте уурулар отурат. Бизди бийликчил гезиттер аркылуу алдап жатышат. Биз багынбайбыз», — деп билдирди ал.

Бир сааттан кийин митингчилер каршылык акциясын Жогорку Кеңештин имаратынын алдында улантышты. Ал жакта активисттер президентке кайрылуу тапшырууну көздөшкөн.

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков «Клооптун» кабарчысына президентке берилчү каттын башкы пункттарынын бири — бул саясий иштер боюнча өкүм чыгарган судьялардын кызматтарынан бошотулушу экендигин айтты.

Бирок талаптарга карабастан, митингчилерге президенттин өкүлү да, депутаттар да чыгышкан жок.

«Алар жүз метрге чыга алышпайт. Бул бийликтин мамилесинин көрсөткүчү. Депутаттар тилектештик билдирип, биз эл менен бирге деп айтып чыгып коюшса деле болмок. Алар жүз метрге да чыга алышпайт, алар элден алыстап кетишкен», — деп билдирди Карасартова.

Ошондой эле, ал активисттер менен укук коргоочулар жалпы республикалык кыймыл түзүп, 7-апрелде дагы бир митинг өткөрө турушкандарын белгиледи.

«Пикирлерин билдирүүгө укуктары бар»

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева «Клоопко» ага өткөн митинг боюнча эч нерсе белгилүү эместигин айтты. Ал кошумчалагандай, акциянын катышуучулары өз кайрылууларын кат түрүндөй жолдой алышат.

Ысымын атоодон баш тарткан Жогорку соттун басма сөз кызматынын өкүлү «Клооптун» журналистине Жогорку соттун дарегине эч ким кайрылбаганын жана алардын өкүлдөрү митингге чакырылбаганын билдирди.

«Алар келип, айтчуларын айтып кетишти. Ал эми ээнбаштык боюнча билдирүүлөр жөнүндө айта турган болсом ар ким пикирин айтууга укуктуу», — деди басма сөз кызматтын өкүлү.

Материалды чыгараар алдында Башкы прокуратура менен УКМК комментарийге жеткиликсиз болушту.