Кыргызстандын түштүк калаасында 5-март — Ак калпак күнү 1000дей адамдын катышуусу менен белгиленди. Ош шаарынын борбордук аянтында өткөн майрамдык иш-чара флешмоб жана жөө жүрүш менен коштолду.

Сүрөт: Арафат Абибиллаева/Kloop.kg
Сүрөт: Арафат Абибиллаева/Kloop.kg
Сүрөт: Арафат Абибиллаева/Kloop.kg

Студенттер флешмобдо төрт метрлик калпакты айлануу менен кара жорго бийлешти. Ош мэриясынын алдындагы Жаштар комитетинин төрагасы Мелис Обозовдун айтымында, флешмобго студенттер үч күн даярдык көрүшкөн.

Сүрөт: Арафат Абибиллаева/Kloop.kg
Сүрөт: Арафат Абибиллаева/Kloop.kg
Сүрөт: Арафат Абибиллаева/Kloop.kg

Жөө жүрүштүн катышуучулары студенттер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болушту. Жүрүштө шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев да катышты. Алар мэриянын алдынан Ош улуттук драма театрына чейин бир километрдей аралыкты басып өтүштү.

Майрамдык иш-чара драма театрда уланып, анда КВН командалар Ош мэринин кубогу үчүн ат салышат.

Сүрөт: Арафат Абибиллаева/Kloop.kg
Сүрөт: Арафат Абибиллаева/Kloop.kg