Атамбаевдин өкүлдөрү «Ата Мекендин» юристтеринин мүлктөрүн сатыкка чыгарууну талап кылышты

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлдөрү сот аркылуу «Ата Мекен» партиясынын юристтери Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунованын мүлктөрүн сатыкка чыгарууну талап кылышты. Узаган жылдын ноябрында сот юристтердин бакнктык эсептерин камакка алган.

«Ата Мекен» партиясынын юристи Канатбек Азис «Клооптун» кабарчысына 2017-жылдын декабрынан тарта ал өзү жана анын кесиптеши Таалайгүл Токтакунова маяна алышпаганын айтты, анткени сот алардын банктык эсептерин камакка алган.

«Азырынча алар Токтакунованын кайсы мүлкүн сатыкка чыгарууну каалап жатышканы белгисиз. Менин мүлкүм жок, бирок бардыгы мен аны катып койгом деп эсептешүүдө», — деп түшүндүрдү Азиз.

Юрист кошумчалагандай, мурдагы президенттин өкулдөрү аларга 10 млн сом кунду төлөп берүүгө мүмкүндүк бербей жатышат.

«Мурдагы жылы Октябрь райондук соту эгерде бизден 10 млн сом табылган болсо биздин банктык эсептерибизди камакка алуу аныктамасын чыгарган. Бул сумманы бизден таба алышкан эмес, бирок эсептерибизди ошого карабай камакка алышкан», — деди ал.

Бишкек шаардык соту 2017-жылдын августунда «Ата Мекен» партиясынын юристтерин моралдык зыян катары Атамбаевге 10 млн сом кун төлөп берүүгө милдеттендирген.

Сот териштирүүлөрүнө юристтердин 2017-жылдын мартындагы басма сөз жыйынында айткан сөздөрү себеп болгон.

Азиз менен Токтакунова мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын айланасындагылар 2017-жылдын январында Дача-СУ кыштагына кыйраган түрк аба каттамдарынын учагындагы жүккө тиешелери бар болушу ыктымал деп билдиришкен.


ТЕМА БОЮНЧА: