Фарид Ниязов президенттик администрациянын жетекчилик кызматынан кетти

Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов

Президент Сооронбай Жээнбеков өз администрациясынын башчысы Фарид Ниязовдун отставкасын кабыл алды. Буга чейин Ниязов КСДПда иштөөнү көздөп жатканын билдирген.

Жээнбеков Ниязовду президенттик аппарат жетекчилигинен бошотуу боюнча жарлыкка 7-мартта кол койду.

Ниязов президенттик администрацияны 2017-жылдын декабрынан тарта жетектеди. Буга чейин ал өткөн жылдагы президенттик шайлоо учурунда Жээнбековдун шайлоо алдындагы штабынын башчысы болгон.

Президент 6-мартта ЖМКлардын жетекчилери менен жолугушуу учурунда Ниязовдун чечимин «сыйлаарын» айтып, «кетем деген адамды кармай албайм» деп кошумчалаган.  

«Мен Фарид Ниязовдун чечимин сыйлайм, ал мамлекетчил жана жакшы менеджер […] Ыйык орун бош калбайт. Мен кетем деген адамды кармай албайм», — деген Жээнбеков.

Ниязов кызматтан кетип жаткандыгынын себебин «КСДПдагы партиялык ишке көңүл бургусу келгени» менен түшүндүргөн.

Ниязов 26-февралда президент Сооронбай Жээнбековго ал аппарат жетекчилигинен кеткени жатканы боюнча кабарлаган. Бирок Жээнбеков анын отставкага кетүүсүнөн баш тартып койгон. Өлкө башчысы Ниязовго бир апталык эмгек өргүүсүн берип, биргеликте иштешүүнү улантууну сунуштаган.

Ошондон кийин айрым эксперттер учурдагы президент менен мурдагы өлкө башчысынын ортосундагы тиреш жөнүндө божомолдошкон, себеп дегенде Фарид Ниязов — Алмазбек Атамбаевдин үзөңгүлөшү, ал анын кеңешчиси болгон жана анын президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин администрациянын башчысы болуп эмгектенген.

Бирок Жээнбеков Атамбаев менен өзүнүн ортосунда эч кандай тиреш жок экенин билдирген.

Фарида Ниязовдун кызматтык жолу

Биринчи президент Аскар Акаевдин учурунда Ниязов Тышкы иштер министрлигинин иш башкармасы жана ошондой эле, вице-премьер-министрдин жардамчысы болуп иштеген. Кийинчерээк ал президенттин басма сөз кызматын жетектей баштаган.

Курманбек Бакиевдин башкаруусу учурунда Ниязов эч кандай кызматтарды ээлеген эмес, бирок саясатка 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин кайтып келип, Убактылуу өкмөттүн маалымат-координациялык аппаратынын жетектей баштаган.

Ниязов 2011-жылдагы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевдин шайлоо алдындагы штабын жетектеген.

Атамбаевдин жеңишинен кийин президенттин кеңешчиси болуп дайындалып, ал кызматта 2011-2015-жылдарга чейин иштеген.

Ал 2015-жылдын октябрь айында президенттик аппаратты жетектей баштап, кийинчерээк президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалгандан кийин бул кызматтан кеткен.

2017-жылдын ноябрында мурдагы президент Атамбаев Ниязовду «жакшы увазир» деп атап, аны «Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн» II даражадагы «Манас» ордени менен сыйлаган. Анын айтымында, Ниязов бул сыйлыкка «татыктуу» болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: